Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:УБАКЫТ КЫЗМАТЫ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:28, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– так убакытты аныктоочу, сактоочу ж-а таратуучу иштердин комплекси. Ушул эле иштерди аткаруучу ил.-из. ин-тарынын, обсерваториялардын ж. б. мекемелердин атайы лабораториялары да У. к. деп аталат. У. К. байыркы убакта эле пайда болгон. Өнүгүү тарыхы практикалык астрон-нын өнүгүшү м-н тыгыз байланышкан. Астрон. обсерваториялардын, жогорку окуу жайларынын ж-а ил.-из. ин-тарынын атайын илимий лабораториялары катары У. к. салыштырмалуу жакынкы жылдарда гана түзүлгөн. Радио ойлоп табылгандан кийин гана мындай лабораториялар уюшулган. Биздин өлкөдө биринчи убакыт кызматы 1920-ж. Пулков обсерваториясында түзүлгөн. 14 У. к. иштейт. Алар Санкт-Петебург, Москва, Харьков, Иркутск, Николаев, Новосибирск ж-а Ригада. Атомдук саат чыкканга чейин так убакытты сактоо ж-а таратып туруу түрдүү маятниктүү ж-а кварц саатынын жардамы м-н ишке ашырылып келген. 1967-ж. атомдук убакыт киргизилгенден кийин У. к-нын түзүлүшү ж-а милдеттери кескин өзгөргөн.