Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ТРАНСЗОНД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– атм-раны горизонталь учурулган зонд м-н изилдөөчү автоматтык аэростат. Ал гелий толтурулган диаметри 10 мден ашык полиэтилен щардан турат. Т. оор аппаратураларды көтөрүп, көрсөтүлгөн бийиктикте щамал м-н кошо учат. 1000 м3 көлөмдөгү полиэтилендүү ачык каптамдуу Т. тең салмактагыч автоматтык система, кыска толкундуу радиобергич, метеорологиялык элментүү (атм-ра басымы, темп-ра, нымдуулук) билдиргичтер м-н жабдылган. Берилген бийиктикте учуунун узактыгы 10 – 15 сутка. Жабык каптамдуу Т. берилген бийиктикте он ж-а жүздөгөн сутка учуп жүрө берет. Ушундай бир Т. жер шарын 32 жолу айланып чыккан. Демейдеги анын учуу бийиктиги 3 – 16 км. Маалыматты 8 миң кмге чейинки аралыктан жердеги радиостанция кабыл алат. Т-дун жардамы м-н атм-ранын жалпы айлануусун зор агымы үйрөнүлөт. Иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин аппаратура парашют аркылуу кондурулат, каптамы ыргытылып ташталат.