Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:СПЕКТРДИК КОШ ЖЫЛДЫЗДАР"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:24, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– спектрдик байкоолордун негизинде кош жылдыз экендиги гана аныкталган жылдыздар. Кээ бир жылдыздардын спектрлеринде спектр сызыктарынын мезгили м-н кош сызыкка айланышы же сызыктын тигил же бул жакка жылышы байкалат. Эгерде бул жылдыздардын бири экинчисинин артында калып тутулса, б. а. көрүнүп кайра жашынып турса, анда 1-жылдыздын жарыктанышынын өзгөрүү мезгилине дал келген мезгил м-н спектр сызыктарынын өзгөрүшү да байкалат. Эгерде эки жылдыз тең бизге келген нурдун багытына перпендикуляр багытта жылышса, анда спектр сызыктарынын ортоңку абалдан өзгөрүшү нөлгө барабар. Калган бардык учурларда спектр сызыктарынын экиге ажырашы байкалат. Айрыкча жылдыздардын бири байкоочуну көздөй, экинчи байкоочудан арылап жылганда спектр сызыктарынын бири биринен ажырашы өтө даана байкалат. Эгерде бир жылдыздын спектр сызыктары өтө эле начар болсо, анда экинчи жылдыздын спектр сызыктарынын гана мезгили м-н тигил же бул жакка жылганы байкалат. Азыркы күндө мындай кош жылдыздардын 2500гө жакыны белгилүү. Булардын ичинен 750 кош жылдыздын айлануу мезгилин ж-а орбитасынын формасын аныктоочу нурдун ылдамдыгынын ийри сызыктары аныкталды. С. к. ж-ды изилдөөдө эң алыстагы өтө күчтүү жарык чыгаруучулардын массасы, өтө чоң массалуу жылдыздар ж-дө түшүнүктөргө ээ болууга мүмкүндүк берет.
<img src='СПЕКТРДИК КОШ ЖЫЛДЫЗДАР.gif'/>