Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:СЕКУНДА"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:24, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– убакыттын бирдиги; Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) эң негизги 7 бирдигинин бири. Белгилениши сек. Астрон-да а дегенде орточо күн суткасынын узактыгы б-ча, андан кийин тропиктик жылдын 1/31556925,9747 бөлүгү катары аныкталган (1900-ж.). 1967-ж. С-нын жаңы аныктамасы кабыл алынган. Ал үчүн эч кандай сыртка талаанын таасири болбогон учурда негизги абалдагы цезий 133 Сs атомунун өтө так түзүлүшүнүн энергиялык деңгээлдеринин ортосундагы өтүштүн резонанстык жыштыгына туура келген 9192631770 термелүүсү убакыт аралыгы катары С-нын жаңы аныктамасы кабыл алынат. КМШнын убакыт ж-а жыштык б-ча мамлекеттик эталондору каталыктары ±1•10-11нан ашпаган убакыттын ж-а жыштыктын бирдиктерин кайталап бере алат.