Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ПЛАНЕТА АРАЛЫК ЧӨЙРӨ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:23, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– күн системасындагы планеталардын ортосундагы мейкиндикти толтурган заттар. Мындай заттар Күндүн айланасында кыймылдоочу өлчөмдөрү түрдүү чоңдуктагы катуу нерселерден, бөлүкчөлөрдөн ж-а Күндүн учуп чыккан электр заряддуу элементардык бөлүкчөлөрдөн (иондор ж-а электрондордон) турат. Катуу нерселердин ж-а бөлүкчөлөрдүн өлчөмү жүздөгөн метрден микронго чейинки чоңдукта болот. П. а. ч-нүн курамына кирүүчү зат кичине планеталар кагылышып быркырагандан пайда болот. П. а. ч-нүн түзүүчү катуу бөлүгү метеордук зат, анткени катуу бөлүкчөлөр Жер атм-расына киргенде метеорду пайда кылат. Атм-ра ж-а Жердин магнит талаасы Жердин бетин П. а. ч-нүн таасиринен сактап турат.