Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ӨТӨ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ЖАРЫЛУУ КАЛДЫКТАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:23, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– эмиссиялык тумандуулуктун бир тиби. Өтө жаңы жылдыздардын жарылуусу жылдыздар эволюциясынын акырындагы кыйроо процесси. Бул учурда жылдыздын сырткы тулкусу бөлүнүп, чоң ылдамдык м-н сыртты карай ыргыйт. Ал эми борбордук бөлүгү тыгыздалып калат да, сфералык согуу толкуну пайда болот. Ал жылдыздар аралык чөйрөдө секундасына 10 миң км ылдамдык м-н тарайт. Жүздөгөн жылдардан кийин жарылган жылдыздардын ордунан тумандуулук байкалат. Ал жылдыз жарылганда ыргып-бөлүнүп чыккан зат жарылуунун калдыгы болуп эсептелет. Бул типтеги тумандуулуктардын кеңири белгилүүлөрү – Крабсымал тумандуулук ж-а А. Кассиопея тумандуулугу.


<img src='ӨТӨ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗДАР.jpeg'/>