Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:МАРСТЫН АТМОСФЕРАСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:21, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– Күн нурун чачыратууга ж-а жутуп алууга жөндөмдүү Марс планетасынын газдуу катмары. Марстын газ катмары атм. м-н курчалган. Спектрдик байкоонун жыйынтыгы б-ча М. а. 60 – 65% көмүркычкыл газынан, 30 – 35% инерттүү газдан (аргон) турат. Атм-да кычкылтек м-н озон байкалган эмес. Кээде көгүш булуттардын пайда болушу ж-а жаздын башталышы м-н уюлдук калпагынын тез эриши атм-ранын нымдуулугунун аздыгын билгизет. М. а-нда сейрек булуттар м-н тумандар кездешет. Аларды уюлдук калпагынын үстүнөн тез-тез байкоого болот.