Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЛИРА"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:21, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
(Lуra) – Вега жаркырак жылдыздуу Түн. жарым шардагы топ жылдыз. КМШнын аймагынан жазында, жайында ж-а күзүндө жакшы көрүнөт. Жайкы ж-а күзгү кечте асмандын Түн. жарым шарында үч бурчтук түрүндө жайгашкан үч жарык жылдыз бөлүнүп турат. Алар: Л-нын Вегасы, Аккуунун Денеби, Бүркүттүн Альтаири. Л. байыркы грек мифи Орфей м-н тыгыз байланышкан. Л. – музыкалык аспап. Орфей Л-ны коштоп ырдап жатканда анын уккулуктуу жагымдуу үнүнөн жырткыч айбандар жоошуган, таштар жылган, дарактын бутактары ийилген деп айтылат.