Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:КОСМОГОНИЯЛЫК БОЖОМОЛДОР"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:20, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– Жердин, планеталардын ж.б. асман телолорунун пайда болушун, эволюциясын түшүндүрүүгө багытталган божомолдор. Планеталар өзүнүн шакегин бөлгөн кысылуучу газ тумандуулугунан (Лаплас гипотезасы) же метеордук чаң бөлүкчөлөрүнүн булутунан (Кант) пайда болот деген классикалык К. б. өз доорунда прогрессивдүү болгон. Кийинчерээк Кант м-н Лаплас божомолдогон тумандуулуктан зат конденсацияланган процесс аркылуу планета пайда болбой турганы аныкталды. О. эле азыркы мезгилдеги Күн м-н планеталардын кыймыл санынын жалпы моментинин бөлүштүрүлүшү жогорку божомолдор м-н түшүндүрүүгө мүмкүн эмес. Джинстин белгилүү (Күн м-н жылдыздын кезигүүсүнөн зор өлчөмдөгү тартылуу толкуну пайда болуп анын чокусунан жулунуп талкаланган бөлүктөрүнөн планеталардын түйүндөрү пайда болгон) божомолу да кыймыл санынын жалпы моментинин бөлүштүрүлүшүн ж-а күн системасынын башка мүнөздүү белгилерин түшүндүрө албайт. Кийинки божомолдорго К. Вейцзеккердин планеталар Күндүн тегерегинде айланган булуттардын куюнунан пайда болгон ж-а Ж.Койпердин массивдүү газ уюткуларынан пайда болгон планеталар, Күндү курчап турган булуттар гравитациядык туруксуздуктан ажырагандагы протопланеталар ж-дөгү божомолдор кирет. 1943-ж. О. Ю. Шмидт жаңы К. б-ду баштаган. Ал б-ча Күндү курчаган газ-чаң булутунда бөлүкчөлөрдүн бири-бири м-н кагылышып биригишүүсүнөн келечек планеталардын ядросу түзүлөт; ошол себептен кыймыл энергиясынын бөлүгү жылуулукка айланып мейкиндикте чачыраган. Мындай ядролордун бетине заттардын жыйылышы м-н Күндүн тегерегиндеги орбитасы акырындык м-н эллипстик түрдөн тегерек түргө өтө баштаган (ядролор Күндөн белгилүү аралыкта жайланышкан). Алгачкы булуттагы заттардын кээ бир бөлүгү Күнгө түшүп, кээ бир бөлүгү Күндүн нурлануусу м-н алыстатылып «куулган». Бул божомолдор жаңы кошумчалар м-н толуктанууда, к. Жылдыздар, Жылдыздар эволюциясы, Жылдыздын пайда болушу ж. б.