Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:КВАРЦ СААТЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:19, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– сааттын жүрүшү кварц генераторунун термелүүсү м-н аныкталып, убакытты так эсептөөчү курал. Убакытты эсептөөнүн тактыгы кварц генераторунун термелүү жыштыгынын туруктуулугуна ж-а анын сапаттуулугуна көзкаранды. К. с-да генератордон башка термелүү жыштыгын өзгөрткүч, синхрондуу кыймылдаткыч ж-а так убакыттын сигналын берүүчү тиймектүү түзүлүштөр бар. Кичине өлчөмдөгү батарея м-н иштейт, циферблаттын милдетин суюк кристалл аткарат. Кол К. с-нын кээ бир моделинде секундомери, ойготкучу ж-а календары бар. К. с-нын жардамы м-н убакыттын интервалын 10 – 10 тактыкка чейин өлчөөгө болот. 


oko-planet.su www. oko-planet.su