Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:КВАЗАРЛАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
MMEE_>KadyrM
(Айырма жок)

17:48, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

(guasar) – өтө кичине бурчтук өлчөмгө ээ ж-а Күн системасынан бир нече миңдеген Мпк алыс жайгашкан космос объектилери. Аларды квазижылдыздык объектилер, квазижылдыздар деп да айтышат. Оптикалык түрү жагынан жылдыздарга, ал эми спектрлеринин мүнөзү б-ча газ тумандуулуктарына окшош. К-дын жаратылышы галактикалардын активдүү ядросу сымал ж-а ал жылдыздар системасынан өтө алыс жайгашкан. К. өтө кубаттуу галактикаларга караганда ондогон эсе көп энергияны нурландырат. Энергия булагы азырынча белгисиз. Айрым К-да жаркырактык байкаларлык ж-а тез байкалат. К-дын табияты алиге чейин окуп-үйрөнүлө элек. 

<img src='КВАЗАР.jpeg'/>