Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАР ЭВОЛЮЦИЯСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
13:19, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
(өөрчүшү) – убакыттын өтүшү м-н жылдыздардын физ. мүнөздөмөлөрүнүн ж-а хим. курамынын өзгөрүшү. Жаратылыштагы бардык объекттер сыяктуу эле жылдыздар пайда болот, өнүгөт, акырында «өлөт», к. Жылдыздардын пайда болушу. Жылдыздардын «өмүрү» анын массасына көзкаранды. Массасы Күндүкүнөн кичине жылдыздар узак (ондогон миллиард жылдар бою) жашайт, себеби массасы анчалык чоң болбогондуктан гравитация күчүнө жылдыздардын түпкүрүндө жүрүп жаткан ядролук реакция тең салмакташып турат. Массасы чоң жылдыздар тез «карыйт», мис., массасы Күндүкүнөн 15 эсе чоң жылдыздар энергиясынын запасын 10 млн. жылда эле «түгөтүп» алат. Дээрлик бардык жылдыздар өмүр бою өздөрүнүн темп-расы м-н өлчөмдөрүн өзгөртпөй сактайт. Бирок борбордук бөлүгүндөгү суутек гелийге айланып бүткөндө жылдыз тез өзгөрө баштайт. Анын өлчөмү чоңоюп, чыгарган энергиясы бир нече эсе өсөт да кызыл гигантка айланат. Борбордук бөлүгүндөгү темп-расы 100 млн. градуска чейин чоңоюп, ядродогу гелийдин көмүртекке айлануу реакциясы башталат. Кийин гиганттын тышкы катмары бөлүнүп кетиши мүмкүн, анда жылдыз планеталык тумандуулуктун газ алкагында калат. Акырында жылдыз кысылып, сууп бараткан ак кидикке айланат. Массасы Күндүкүнөн 1,4 эсе чоң жылдыздар ак кидикке айланган учурунда андан ары кысылганын токтото албай калат. Гравитация күчтөрүнүн кысуусунан электрон м-н протондордун өз ара аракети бардык массаны нейтрондорго айландырат, ошентип нейтрон жылдызы пайда болот. Эгерде жылдыздын массасы же тышкы катмары бөлүнүп кеткенден кийинки калдыгы Күн массасынан 3 – 5 эсе чоң болсо, анда кысылуу процесси нейтрондук жылдызга айлангандан кийин да токтобойт, кысылуунун эбегейсиз күчү м-н кара көңдөйгө айланат.