Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ТҮПКҮРҮ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
13:18, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– жылдыздардын борбордук бөлүгү, анда болуучу процесстер. Жылдыздардын жашоосу анын атомдорунун өз ара тартылышына байланышкан, бирок кадимки (нормалдуу) жылдыздарда бул тартылыш заттын ички басымы м-н теңсалмакталып турат. Ж. т-үндө темп-ра м-н тыгыздык жогору болгондуктан атомдор иондошуп, бош электрондор м-н иондордун кыймылы ички басымын түзөт. Бул кыймылды термоядролук синтез реакциясынан бөлүнүп чыккан энергия колдойт. Бирок жылдыздарда термоядролук отун чектелүү болгондуктан, жылуулук энергиясы түгөнгөндөн кийин алсырап бараткан басым күчү м-н гравитациялык кысуу күчүнүн өз ара аракети жылдыздын тагдырын чечет. Ак кидиктер м-н массасы 5–10 күн массасынан кичине болгон жылдыздарда бул күчтөр теңсалмактана алат. Бирок электрондордун тыгыздыгы өсүп, электрондор ядрого кысылып кирет да ядро м-н аракеттешүүнүн натыйжасында нейтриного айланат. Ядронун электрондорду кармап алышы электрондордун басымын азайтат, гравитациялык кысуу басымдуулук кылып, гравитациялык коллапс келип чыгат. Андан ары бул процесс өөрчүп, нейтринолук нурлануу күчөйт, ал гравитациялык кысуунун бардык энергиясын алып кетет. Жылдыздардын дээрлик бардык заты нейтрондордон туруп, нейтрондук жылдыз пайда болот. Массасы 5–10 күн массасынан чоң болгон жылдыздарда нейтрондук жылдыз стадиясы м-н бүтпөйт. Нейтрондордун саны көбөйгөн сайын жылдыздын тыгыздыгы чоңоюп, нейтрондордун түртүлүшу гравитациялык кысууга каршылык көрсөтө албай калат. Ал кысуу күчү жылдызды кара көңдөйгө айлантат.