Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ КАТАЛОГУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:16, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы

– жылдыздардын экватордук координаталары, өздүк кыймылдары ж-а нурдук ылдамдыктары, жылдыз чоңдуктары, спектр класстары, темп-ралары ж. б. мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн иреттелген тизмеси. Каталогдун мазмунуна ж-а ага кирген объектилерди тандоо принцибине карата астрон., жалпы, өзгөрмө жылдыздар, жарык жылдыздар каталогу ж.б-га бөлүнөт. Жылдыздар каталогдо алардын түз чыгууларынын өсүү тартиби б-ча жайгашат. Убакыттын кандайдыр бир учурундагы жылдыздардын так экватор координаталарын камтыган абалынын каталогу өзгөчө мааниге ээ. Жылдыз абалдары асман координаталарынын бир системасына таандык болот да, каталог ушул координата системасын аныктайт. Мындай каталогдорду КМШда Пулков обсерваториясы түзөт. Доорлору бир нече жылдан өзгөчөлөнгөн каталогдор негизги Ж. к-на бириктирилет. Мында каталогдун тактыгы жогорулап, айрым каталогдордун доорлорунун айырмасы б-ча жылдыздардын өздүк кыймылдарын эсептеп чыгарууга болот. Бир эле убакта түзүлгөн каталогдор кошмо каталогго бириктирилет. Алар негизги каталогдорго караганда тактыгы төмөн болуп, атайын максаттарда пайдаланылат. Эң байыркы каталогду Ши Шен б.з.ч. 4-к-да (800 жылдызга) түзгөн. Гиппархтын, Улугбектин, Тихо Брагенин каталогдору астрон-нын өнүгүшүнө киргизген чоң салым болуп эсептелет. Алардын каталогдору телескопсуз түзүлгөн. Телескоп пайда болгондон кийинки 200 жылдын ичинде каталогдордун тактыгы 10 эсе өстү. Жаңы техниканы, мис., радиоинтерферометрлерди колдонуу м-н астрон. чөнөөлөрдүн тактыгы жакынкы жылдарда дагы 10 эсе өсүшү күтүлөт.



inc.infomsk.ru www.inc.infomsk.ru