Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАРДЫН СПЕКТРДИК КЛАССТАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:16, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– спектрлери б-ча (спектр сызыктарынын интенсивдүүлүгүнө карата) айырмаланган жылдыздар класстары. Астрономдор жылдыздардын спектри б-ча алардын курамын ж-а түзүлүшүн, алардагы физ. процесстерди үйрөнөт, жылдыздарга чейинки аралыктарды аныктап, алардын мейкиндиктеги кыймылын изилдешет. Жылдыз спектрлери 19-к-дан колдонула баштаган. Бирок бул убакта спектрдик анализдин закондору белгисиз болгон. 19-к-дын 2-жарымында Кирхгоф м-н Бунзен спектрдик анализдин негизин түзүшкөн, андан кийин фотографиянын жардамы м-н спектрди изилдөө башталган. 20-к-дын башында АКШнын Гарвард обсерваториясында жылдыз спектрлеринин көп сандаган сүрөттөрүнүн негизинде жылдыз спектрлеринин толук бөлүнүшү (классификациясы) иштелип чыккан. Кийин Гарвард классификациясы кеңейтилген. 1918 –24-ж-ры Э. Кэйнок м-н Э. Пикеринг 225 330 жылдыздын спектрдик бөлүнүшүн изилдеген. Ж. с. к. тамгалар м-н белгиленет. Майдараак топтор цифра м-н белгиленип, тамгадан кийин жазылат. Спектр класстарынын удаалаштыгы жылдыз темп-расынын үзгүлтүксүз төмөндөшүн чагылдырат ж-а төмөнкүдөй жазылат: O-B-A-F-G-K-M. M спектр классы муздак жылдыздардын үч тобун көрсөтүүчү R, N ж-а S спектр класстарына бутактанып кетет. 
Жылдыздардын басымдуу көпчүлүгү (99%) 0дөн Мге чейинки класстарга тиешелүү. Бул удаалаштык үзгүлтүксүз, себеби жылдыздардын мүнөздөмөлөрү бир класстан экинчи класска өткөндө жылма өзгөрөт. 0 классы – Ааламдагы эң ысык жылдыздар, алардын бетиндеги темп-ра (Т) орто эсеп м-н 40 000 К. В классы – бир аз муздагыраак жылдыздар, темп-расы Т =15 000 К. А классы суутектин жыш, жазы сызыктары м-н мүнөздөлөт, гелий сызыктары жок, металлдардын начар сызыктары бар, Т = 8 500 К (мис.; Вега, Сириус). Е классы – суутектин сызыктары начарыраак, иондолгон металлдардын көп сызыктары бар, Т = 6 600 К (мис.; Канопус, Процион). G классы – спектри күндүкүндөй жылдыздар, Т = 5 500 К (мис., Капелла, Центавр a, Күн). К классы – Күндөн муздагыраак жылдыздар, Т = 4100 К (мис., Арктур). М классы – абдан муздак жылдыздар, Т = 2 800 К (Бетельгейзе, Антарес, Киттин Мирасы). Жогоруда келтирилген Гарвард классификациясы бир ченемдүү болуп саналат, андагы негизги мүнөздөмө – темп-ра. 1953-ж. жаңы, такталган, эки өлчөмдүү классификация иштелип чыккан. Бул классификацияда спектр класстарынан башка жарыктануу класстары да көрсөтүлгөн. Алар Iден Vке чейинки рим цифрасы м-н

елгиленет: I – эң чоң алптарга, II-III – алптарга, IV – субалптарга.

– кидиктерге тиешелүү. Вега жылдызынын спектр классы А 0 V, 

Бетельгейзеники – М21, Сириустуку – А IV болуп жазылат. Жаңы классификация жылдыздарга чейинки аралыкты алардын спектри ж-а көрүнгөн жылдыз чоңдуктары б-ча аныктоого мүмкүндүк берет.
зыркы учурда жүз миңдеген Ж. с. к. белгилүү, алардын спектр каталогдору басылып чыккан. КМШда Ж. с. к. түзүү иштери кеңири жүргүзүлүүдө.


ru.wikipedia.org www. ru.wikipedia.org