Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ДОПЛЕР ЭФФЕКТИСИ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:10, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– байкоочунун көрүү багыты б-ча кыймылдаган жарык булагынын спектриндеги сызыктардын жылышы. Жарык булагы байкоочуга жакындаганда жарык толкунунун термелүү жыштыгы өсөт, толкун узундугу кичирейет, демек, булактын спектр сызыктары кыска толкундар жагына, б.а. кызгылт-көк жагына жылат. Ал эми жарык булагы байкоочудан алыстаганда спектр сызыктары узун толкундар жагына, б.а. кызыл сызык жагына жылат. Д. э. толкундун таралуу ылдамдыгына ж-а жылдыздардын айлануусун аныктоого мүмкүндүк берет. 1842-ж. К. Доплер кубулушту теориялык жактан ачкан.