Difference between revisions of "АССОЦИАЦИЯ (кошулуу, биригүү)"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
|
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
(лат. associatio ‒ кошулуу, биригүү) ‒ 1) коомдо А. ‒ мекемелердин, уюмдардын же жеке адамдардын жалпы чарбачылык, саясий, ил.-маданий маселелер б-ча бир максатка биригиши; 2) психологияда А. ‒ сырткы ж-а ички дүүлүктүргүчтөрдүн таасиринен болчу адамдын психикалык процесстери м-н кыймыл-аракеттеринин байланышы. А. адамдын мурдагы тажрыйбаларынын негизинде пайда болуп, заттар м-н кубулуштардын мейкиндик-убакыт катнаштарына (мейкиндик м-н убакыт ичиндеги байланыш А-сы, мис., жаздын келиши ж-а чөптүн чыгышы) алардын окшоштугун (окшоштук А-сы, мис., жалбырактын шуудурашы ж-а адамдын шыбыры) же карама-каршылы гын чагылдырышы мүмкүн (карама-каршы лык А-сы, мис., күн м-н түн, карылык ж-а жаштык); 3) экономикада ‒ монополиянын формасы. 2-дүйнөлүк согуштан кийин мындай уюмдар ‒ мамл.-монополиялык бирикмелер айрыкча өнүктү. 1951-ж. көмүр ж-а болот б-ча европалык Бирикме пайда болду. 1957-ж. Европалык экономикалык шериктештик (ЕЭС) ‒ «Жалпы рынок» түзүлгөн. 1960-ж. эл аралык мамл. монополиялык жаӊы бирикме ‒ Европалык соода ассоциациясы (ЕАСТ) уюштурулган. Азыр эл аралык мамл. монополиялык бирикмелер барган сайын көбүрөөк түзүлүүдө. Эл аралык мамл.-монополиялык бирикмелер өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүгө белгилүү көмөк көрсөтөт.