Difference between revisions of "АССИРИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

Кош өзөндүн түндүгүндөгү тарыхый аймак ж-а байыркы мамлекет (азыркы Ирак). А-нын борбору Ашшур ш. болгон. Калкынын алгачкы этникалык курамы белгисиз. Б. з. ч. 2000-ж. калкынын көпчүлүгү семит-аккаддардан турган. Ашшур б. з. ч. 19-к-дын башында аморейлик Шамшиадад Iнин (1813‒1781) ири державасынын борбору болуп калат. 18-к-да Ашшур ж-а ага жанаша жайгашкан шаарлар Вавилон падышасы Хаммураппиге, ал эми 16-к-да Митанни падышаларына баш ийген. Акырындык м-н А. Вавилония ж-а Митанниден көз карандылыктан кутулуп, Ашшурдун башкаруучусу Ашшурубаллит Iнин (15-к-дын аягы 14-к-дын башында) тушунда кайрадан күчтүү
Ассириялык аскерлерде согуштук арабалардын чабуул коюусу негизги роль ойногон.

державага айланган. Анын тукумдары «Ассириянын падышалары» деген титул алышкан. Б. з. ч. 1307‒1206-ж. аралыгында А. тарабынан Митанни, Вавилон, Закавказьедеги Наири урууларына, Кичи Азиянын түш.-чыгышына, Сирияга, Финикияга жеӊиштүү жортуулдар уюштурулган. 14‒13-к-да алар Түн. Месопотамияны толук каратууга жетишишет. Баш ийдирилген аймактардан алынуучу салыктардын эсебинен гүлдөгөн А. мамлекети 11‒10-к-да арамей урууларынын басып кирүүсүнүн натыйжасында төмөндөгөн. 10‒7-к-да темир өндүрүү ж-а иштетүүнүн жогорулашына байланыштуу А. кайрадан согуштук ж-а экон. абалын чыӊдаган. Эл аралык кырдаалдын өзгөрүүсү (Египет ж-а Вавилониянын начарлоосу, Хетт падышалыгынын кыйрашы) А-га баскынчыл саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Тиглатпаласар III (745‒727) мамл. каржылоодо турган туруктуу армияны түзүп, анын жардамы м-н империядагы сепаратисттик кыймылдарды басып турган. Ассириялык аскерлер бир нече жолу Вавилонияга, Урартуга, Мидияга, Сирияга басып киришкен. 671-ж. Асархаддон Египетти, 640-жылдары Ашшурбанапал Эламды ж-а Түн. Аравия урууларын баш ийдирген. А-нын жүргүзгөн баскынчыл согуштары баш ийген өлкөлөрдүн, ошол эле учурда мамлекеттин өзүнүн калкын да жакырлантып, экон. абалын начарлаткан. Ага каршы түзүлгөн мамлекеттердин коалициясы (Вавилония м-н Мидия) м-н болгон согушта А-нын борбору Ашшур ш. кыйратылып (614), ал эми 609-ж. Харрандын алдындагы салгылашууда армиясынын калган бөлүктөрү толук талкаланган. Ошентип байыркы дүйнөлүк алгачкы империя тарыхый аренадан кеткен. Анын аймагы жеӊген мамлекеттердин курамына кирип, 6-к-дын ортосунда А. Перс империясы, 4-к-дын акыркы чейрегин де Александр Македонский тарабынан каратылган. Андан соӊ Македонскийдин аскер башчысы Селевка I Никатордун ээлигине айланган. 140-ж. бүткүл Месопотамия Парфия тарабынан каратылат. 115-ж. римдиктер парфиялыктарды талкалап, А. провинциясын түзүшкөн. Бирок көп өтпөй жерг. калктын көтөрүлүшүнөн кийин, А-нын аймагы кайрадан парфиялыктарга кайтарылган. Б. з. 3-к-да А-нын аймагы Персиянын (Сасаниддер династиясы) бийлиги астына өткөн. А-нын иск-восунун гүлдөө мезгили 13‒14-к-га таандык. Ашшур (б. з. ч. 9‒14-к.), Кальху (б. з. ч. 9-к.), Дур-Шаррукин (б. з. ч. 7‒8-к.) ш. мад-ттын тарыхый борборлору болгон. Шаардын айланасы таш түптөлгөн, бышкан кирпичтен салынган чеп-дубалдар м-н курчалган. Бийик мунаралуу, дарбазалары арка түрүндө, төрт бурчтуу салынган бастиондор курулган. Шаардын борборунда чеп-сарайлары, көркөмдөлгөн, татаал пландагы көптөгөн храмдар, зиккурат-мунаралар, чарба курулуштары (Дур-Шаррукиндеги Сарогон IIнин ак сарайы) орун алган. Ак сарайлардын кире беришине басып бара жаткан канаттуу букага падышанын башын орноткон таштан чегилген статуялар ‒ «шеду» тургузулган. Падышанын жатуучу ж-а кабыл алуучу бөлмөлөрү түстүү боёктор м-н тартылган оймо-чиймелер, дубалдарга жазылган жазуулар, бронза ж-а таш колдонулуп жасалган рельеф, статуялар м-н кооздолгон. Идеялык-көркөм чыгарманын мазмуну ошол кездеги падышалардын баатырдыгын даӊазалайт. А-нын аймагында иск-во эстеликтери б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта бийик порталдар курушуп, андагы композициянын тактыгы, дубалга оюм-чийим салуу, кирпичтерди кыноо аркылуу кооздоо өнөрү өркүндөгөн. Гипертрофияланган адамдардын мүчөлөрүн, булчуӊдарын, келбетин рельефтерде эркин композициялар м-н (Ниневиядагы Синахериба ак сарайындагы рельефтерде) чагылдырышкан. Таштан жасалган эстеликтер, падышалардын статуялары, скульптуралар жогорку чеберчиликте жасалган. Рельефтер ж-а статуялар м-н ак сарайлардын, храмдардын ичин кооздошкон. А. живописинен сүрөттөрдүн сыныктары сакталып калган («Ассириялык эки төрө», «Арстандарга мергенчилик» ж. б., б. з. ч. 8-к., Халеб музейи). Асыл таштарга, ташка оймо-чийме, сүрөттөрдү кесип түшүрүү өнөрү кеӊири өнүккөн. Кесип оюлган таштар мөөр, тумар ж-а жасалга катары колдонулган. Көркөмдөп токуу, жыгач ж-а сөөк буюмдарын жасап, иштетүү өнүккөн. Дубалдардагы рельефке падышалардын мергенчиликтеги, жеӊиштүү жүрүштөрдөгү сүрөттөрү, муз. аспаптарда ойногон, бийлеген, ырдаган адамдардын келбети түшүрүлгөн.
Ад: Дьяконов И. М. Развитие земельных отношений в Ассирии. Л., 1949; Olmstead A. Е. History of Assyria. Chi., 1960; Дандамаева М. М. Понятия «Ассирия», «Вавилония», «Месопатамия» в античной традиции // История и языки Древнего Востока: Памяти И. М. Дьяконова. СПб., 2002. А. Орозов, Н. Жылдызова.