Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:БИЙИК КАТМАРЛУУ БУЛУТТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:07, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– боз же көгүлтүр түстөгү туташ катмардан турган булуттар. Төмөнкү чеги адатта 3 – 5 км бийиктикте болот. Мындай булуттардын калыңдыгы 1–2 км. Күн нуру бул булуттардан тунук эмес айнектен өткөндөй өтөт. Жердеги бак-дарактын же башканын көлөкөсү даана болбойт же көлөкө түшпөйт. Б. к. б-дан кышында кар, жайында жамгыр пайда болот, бирок жер бетине жетпейт. Булуттар тыгыздалып, катмарлуу жаан-булутуна өтөт.


БИЙИК КАТМАРЛУУ БУЛУТТАР.jpg


www.traveltale.ru