Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:АСТРОНОМИЯЛЫК БАЙКОО"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:07, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– асман телолорун ж-а андагы кубулуштарды изилдөөнүн негизги жолу. Куралданбаган көз м-н түздөн-түз же оптикалык куралдар – телескоп ж-а дүрбү аркылуу байкоо жүргүзүлөт. Телескоп , фотометр, астрограф, спектрограф ж. б. кабыл алуучу аспаптар м-н жабдылат. Байкоо жүргүзүүнүн аткарган милдети түрдүүчө. Мис., планеталар ж-а алардын жандоочулары, жылдыздар ж. б. асман телолорунун абалы, жылдыздардын өздүк кыймылы, жылдыздар чогулмасы, галактикалар, өзгөрмө жылдыздар, кометалар, кичине планеталар, метеорлор ж. б-дын кыймылы, аларга чейинки аралыктар, жаркырактыгы д. у. с. так изилденет, к. Юпитер ж-а анын жандоочуларына байкоо жүргүзүү, Кометаларды издөө ж-а аларга байкоо жүргүзүү, Метеорлорду байкоо, Өзгөрмө жылдыздарды байкоо, Жердин жасалма жандоочуларын байкоо.