Difference between revisions of "АССИМИЛЯЦИЯ (этнографияда)"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
анаболизм б и о л о г и я д а ‒ тирүү организмдеги хим. процесстер; зат алмашуунун бир түрү. А-да организм сырткы чөйрөдөн өзүнө керек ар кандай орг. же орг. эмес заттарды алуу м-н жашоосун, өсүп-өнүгүшүн камсыз кылат. Бардык тирүү организмдер үчүн энергиянын биринчи булагы ‒ Күн нуру. Автотрофтуу организмдер (жашыл өсүмдүктөр ж-а кээ бир бактериялар ) Күн нурун пайдалануу м-н орг. эмес заттардан (CO2, H2O ж. б.) орг. заттарды (углеводдор, белоктор, аминкислоталар ж.б.) пайда кылат. Гетеротрофтуу организмдер орг. заттарды синтездегенде катаболизм процесстеринен пайда болгон энергияны пайдаланат.
Бактериялар орг. эмес заттар кычкылданганда бөлүнүп чыккан энергияны керектейт. А. көбүнчө жаш жаныбарларда ж-а өсүмдүктө вегетация мезгилинде күчтүү жүрөт.