Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:АЛТЫН КАЗЫК"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:06, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– Кичи жетиген топ жылдызынын өтө жарык жылдызы (a-Кичи жетиген). Батпай турган топ жылдыздардын катарына кирет. Айрым учурда ал у ю л д у к ж ы л д ы з деп да аталат. Анткени дүйнөнүн түндүк уюлунан тик чыгыш б-ча Iп, 8mмин ж-а жантаюу б-ча 89°01ў айырмаланып турат. Анын түрү саргыч келип, бетинин темп-расы 7000°Кге барабар. Көрүнгөн жылдыз чоңдугу 2,1mден 2,3mкө чейин өзгөрөт. Ал мындан 4000 жыл мурун дүйнөнүн түндүк уюлунан алыс болгон, ал мезгилде дүйнө уюлуна Ажыдаар топ жылдызынын жарык жылдызы (a-Ажыдаар) жакын жайгашкан. 1200 жыл өткөндөн кийин дүйнөнүн түндүк уюлуна Алтын казык жылдызына караганда Лира топ жылдызынын жарык жылдызы (a-Лира) Вега жакын келет, к. Нутация.