Difference between revisions of "АЛЛИГАТОРЛОР"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛЛИГАТОРЛОР''' (Alligatoridae) ‒ ''сойлоочулардын крокодилдер'' түркүмүнүн уруусу. Узундугу 1 ''м''ден 6 ''м''ге жетет. 4 уруусу, 7 түрү бар. Түндүк Американын түштүк чыгыш жагында, Түштүк Америкада, Кытайда жашайт. Көбүнчө тузсуз көлмөлөрдө тиричилигин өткөрөт. Балыктар, моллюскалар, | '''АЛЛИГАТОРЛОР''' (Alligatoridae) ‒ ''сойлоочулардын крокодилдер'' түркүмүнүн уруусу. Узундугу 1 ''м''ден 6 ''м''ге жетет. 4 уруусу, 7 түрү бар. Түндүк Американын түштүк чыгыш жагында, Түштүк Америкада, Кытайда жашайт. Көбүнчө тузсуз көлмөлөрдө тиричилигин өткөрөт. Балыктар, моллюскалар, | ||
[[File:АЛЛИГАТОРЛОР80.png | thumb|none]] | [[File:АЛЛИГАТОРЛОР80.png | thumb|none]] | ||
рак сымалдар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, кээде сүт эмүүчүлөр <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> азыктанат. Адам үчүн анча коркунучсуз. Кытай Аллигаторунун узундугу 2 ''м''ге жетет. Суунун, көлдүн жээктеринде ийиндерде жашайт. Уясын жээктеги өсүмдүктүн арасына салып, 10‒40 жумуртка тууйт. Аз кездешүүчү түр болгондуктан ЖКЭСтин Кызыл китебине катталган. Коруктарда корголот, зоопарктарда көбөйтүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба жүргүзүлүүдө. Миссисипи | рак сымалдар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, кээде сүт эмүүчүлөр <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> азыктанат. Адам үчүн анча коркунучсуз. Кытай Аллигаторунун узундугу 2 ''м''ге жетет. Суунун, көлдүн жээктеринде ийиндерде жашайт. Уясын жээктеги өсүмдүктүн арасына салып, 10‒40 жумуртка тууйт. Аз кездешүүчү түр болгондуктан ЖКЭСтин Кызыл китебине катталган. Коруктарда корголот, зоопарктарда көбөйтүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба жүргүзүлүүдө. Миссисипи аллигаторлорунун узундугу 5 ''м''ге жетет. Ал башкалардан айырмаланып, алдыӊкы бутунун манжалары жаргакча <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> бириккен. Түштүк-Чыгыш Америкада көп кездешет. Ургаачысы 20‒40 жумуртка тууп, аны кайтарып, тукуму жөнүндө кам көрөт. Жашоо узактыгы 85 жыл. Анын терисинен сумка, бут кийим, кур ж. б. жасалат.<br> |
14:02, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АЛЛИГАТОРЛОР (Alligatoridae) ‒ сойлоочулардын крокодилдер түркүмүнүн уруусу. Узундугу 1 мден 6 мге жетет. 4 уруусу, 7 түрү бар. Түндүк Американын түштүк чыгыш жагында, Түштүк Америкада, Кытайда жашайт. Көбүнчө тузсуз көлмөлөрдө тиричилигин өткөрөт. Балыктар, моллюскалар,
рак сымалдар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, кээде сүт эмүүчүлөр менен азыктанат. Адам үчүн анча коркунучсуз. Кытай Аллигаторунун узундугу 2 мге жетет. Суунун, көлдүн жээктеринде ийиндерде жашайт. Уясын жээктеги өсүмдүктүн арасына салып, 10‒40 жумуртка тууйт. Аз кездешүүчү түр болгондуктан ЖКЭСтин Кызыл китебине катталган. Коруктарда корголот, зоопарктарда көбөйтүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба жүргүзүлүүдө. Миссисипи аллигаторлорунун узундугу 5 мге жетет. Ал башкалардан айырмаланып, алдыӊкы бутунун манжалары жаргакча менен бириккен. Түштүк-Чыгыш Америкада көп кездешет. Ургаачысы 20‒40 жумуртка тууп, аны кайтарып, тукуму жөнүндө кам көрөт. Жашоо узактыгы 85 жыл. Анын терисинен сумка, бут кийим, кур ж. б. жасалат.