Difference between revisions of "АРЧА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: ж-а → жана (5))
1 -сап: 1 -сап:
'''АРЧА''' (Juniperus) – өсүмдүктөрдүн кипаристер тукумунун уруусу, дайыма жашыл ийне жалбырактуу дарак же бадал. Бийикт. 10-12, кээде 20-30 ''м.'' Эки үйлүү,  айрымдары бир үйлүү;  жаш өркүндөрүнүн  жалбырагы ийне сымал, бара-бара түрпүгө  айланат. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт.  Тобурчактары эттүү,  жемишке окшош,  ичинде үчтөн уругу  бар. Өтө жай, 500-1000 жыл өсөт. Жыгачы  катуу, көпкө чирибейт. А. жарыкчыл,  кургакчыл, суукка  чыдамдуу, тамыры терең жана жайылып  өсүп, жер алдындагы  сууну жана азык заттарды сиңирет. Ал туздуу деңиз жээктеринен тартып бийик тоо сырттарына, Түндүктүн саздуу  токойлоруна, акиташтуу бийик тоо кыркаларына чейин кездешет. Кыргызстанда 10 түрү өсөт.
'''АРЧА''' (Juniperus) – өсүмдүктөрдүн кипаристер тукумунун уруусу, дайыма жашыл ийне жалбырактуу дарак же бадал. Бийиктиги 10-12, кээде 20-30 ''м.'' Эки үйлүү,  айрымдары бир үйлүү;  жаш өркүндөрүнүн  жалбырагы ийне сымал, бара-бара түрпүгө  айланат. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт.  Тобурчактары эттүү,  жемишке окшош,  ичинде үчтөн уругу  бар. Өтө жай, 500-1000 жыл өсөт. Жыгачы  катуу, көпкө чирибейт. А. жарыкчыл,  кургакчыл, суукка  чыдамдуу, тамыры терең жана жайылып  өсүп, жер алдындагы  сууну жана азык заттарды сиңирет. Ал туздуу деңиз жээктеринен тартып бийик тоо сырттарына, Түндүктүн саздуу  токойлоруна, акиташтуу бийик тоо кыркаларына чейин кездешет. Кыргызстанда 10 түрү өсөт.

[[File:АРЧА_65.png | thumb|Арчанын бир бутагы.]]

[[File:АРЧА_65.png | thumb|Арчанын бир бутагы.]]

А. токойлору Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Алдынкы жана  Борб. Азияда, Түн. Американын  кургакчыл түштүгүндө жана Мексикада, ал эми  реликт катуу А. Японияда, Кореяда, Батыш  Кытайда таралган. Россиянын токой жана токойлуу тундра зонасында, о. эле Крым, Кавказ,  О. Азия, Ы. Чыгыш тоолорунда өсөт. А. токойлорунун мааниси зор; тоо капталдарын көчкүдөн, селден сактайт; жерде нымдуулукту кармап, түрдүү өсүмдүктөрдүн өсүшүнө шарт түзөт.  Жыгачы катуу болгондуктан курулушта, кеме,  автомобиль, эмерек, калем жасоодо колдонулат.
А. токойлору Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Алдынкы жана  Борбордук Азияда, Түндук Американын  кургакчыл түштүгүндө жана Мексикада, ал эми  реликт катуу А. Японияда, Кореяда, Батыш  Кытайда таралган. Россиянын токой жана токойлуу тундра зонасында, ошондой эле Крым, Кавказ,  Орто Азия, Ыраакы Чыгыш тоолорунда өсөт. А. токойлорунун мааниси зор; тоо капталдарын көчкүдөн, селден сактайт; жерде нымдуулукту кармап, түрдүү өсүмдүктөрдүн өсүшүнө шарт түзөт.  Жыгачы катуу болгондуктан курулушта, кеме,  автомобиль, эмерек, калем жасоодо колдонулат.

10:54, 23 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы

АРЧА (Juniperus) – өсүмдүктөрдүн кипаристер тукумунун уруусу, дайыма жашыл ийне жалбырактуу дарак же бадал. Бийиктиги 10-12, кээде 20-30 м. Эки үйлүү, айрымдары бир үйлүү; жаш өркүндөрүнүн жалбырагы ийне сымал, бара-бара түрпүгө айланат. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт. Тобурчактары эттүү, жемишке окшош, ичинде үчтөн уругу бар. Өтө жай, 500-1000 жыл өсөт. Жыгачы катуу, көпкө чирибейт. А. жарыкчыл, кургакчыл, суукка чыдамдуу, тамыры терең жана жайылып өсүп, жер алдындагы сууну жана азык заттарды сиңирет. Ал туздуу деңиз жээктеринен тартып бийик тоо сырттарына, Түндүктүн саздуу токойлоруна, акиташтуу бийик тоо кыркаларына чейин кездешет. Кыргызстанда 10 түрү өсөт.

Арчанын бир бутагы.

А. токойлору Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Алдынкы жана Борбордук Азияда, Түндук Американын кургакчыл түштүгүндө жана Мексикада, ал эми реликт катуу А. Японияда, Кореяда, Батыш Кытайда таралган. Россиянын токой жана токойлуу тундра зонасында, ошондой эле Крым, Кавказ, Орто Азия, Ыраакы Чыгыш тоолорунда өсөт. А. токойлорунун мааниси зор; тоо капталдарын көчкүдөн, селден сактайт; жерде нымдуулукту кармап, түрдүү өсүмдүктөрдүн өсүшүнө шарт түзөт. Жыгачы катуу болгондуктан курулушта, кеме, автомобиль, эмерек, калем жасоодо колдонулат.