Difference between revisions of "АСМАН МЕХАНИКАСЫ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АСМАН МЕХАНИКАСЫ''' ‒ астрономиянын бир бөлүмү; ал жалпы гравитациялык талаада Күн системасындагы нерселердин (телолордун) кыймылын изилдейт. Айрым учурда гравитациялык күчтөрдөн тышкары реактивдүү күчтөр, нурлануу басымы, чөйрөнүн каршылыгы, массанын өзгөрүшү ж. б. факторлор да эсепке алынат. А. м- | '''АСМАН МЕХАНИКАСЫ''' ‒ астрономиянын бир бөлүмү; ал жалпы гравитациялык талаада Күн системасындагы нерселердин (телолордун) кыймылын изилдейт. Айрым учурда гравитациялык күчтөрдөн тышкары реактивдүү күчтөр, нурлануу басымы, чөйрөнүн каршылыгы, массанын өзгөрүшү ж. б. факторлор да эсепке алынат. А. м-нын илим катарында өнүгүшүн кеӊейтип, франциялык окумуштуу П. Лаплас 1798-ж. чыккан «Асман механикасы жөнүндө трактат» деген эмгегинде анын илимий маанисин көрсөтүп, А. м. деп атоону илимге 1-болуп киргизген. 19-к-да немис окумуштуусу К. Гаусс ж. б. илимпоздор кичине планеталар менен кометалардын орбиталарын эсептеп, кыймыл теориясын үйрөтүүнү өнүктүрдү. Ай кыймылынын так гравитация теориясын жүргүзүлгөн байкоолор менен салыштырганда Жердин бир калыпта эмес кыймылы аныкталган. А. м-да Жер менен Айдын кыймылы да изилденет. 20-к-да америкалык астроном Э. Браун Ай кыймылынын гравитация теориясын ачкан. Анын негизинде Уран планетасынын кыймылын изилдөө Нептун (1846) жана Плутон (1930) планеталарын ачууга алып келген. А. м-нын жаӊы бөлүмү болуп, Күн системасындагы нерселердин кыймылындагы салыштырмалуулуктун жалпы теориясынын натыйжаларын эсепке алуучу релятивдик А. м. эсептелет.

19:17, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АСМАН МЕХАНИКАСЫ ‒ астрономиянын бир бөлүмү; ал жалпы гравитациялык талаада Күн системасындагы нерселердин (телолордун) кыймылын изилдейт. Айрым учурда гравитациялык күчтөрдөн тышкары реактивдүү күчтөр, нурлануу басымы, чөйрөнүн каршылыгы, массанын өзгөрүшү ж. б. факторлор да эсепке алынат. А. м-нын илим катарында өнүгүшүн кеӊейтип, франциялык окумуштуу П. Лаплас 1798-ж. чыккан «Асман механикасы жөнүндө трактат» деген эмгегинде анын илимий маанисин көрсөтүп, А. м. деп атоону илимге 1-болуп киргизген. 19-к-да немис окумуштуусу К. Гаусс ж. б. илимпоздор кичине планеталар менен кометалардын орбиталарын эсептеп, кыймыл теориясын үйрөтүүнү өнүктүрдү. Ай кыймылынын так гравитация теориясын жүргүзүлгөн байкоолор менен салыштырганда Жердин бир калыпта эмес кыймылы аныкталган. А. м-да Жер менен Айдын кыймылы да изилденет. 20-к-да америкалык астроном Э. Браун Ай кыймылынын гравитация теориясын ачкан. Анын негизинде Уран планетасынын кыймылын изилдөө Нептун (1846) жана Плутон (1930) планеталарын ачууга алып келген. А. м-нын жаӊы бөлүмү болуп, Күн системасындагы нерселердин кыймылындагы салыштырмалуулуктун жалпы теориясынын натыйжаларын эсепке алуучу релятивдик А. м. эсептелет.