Difference between revisions of "АТА-СУУ ТЕМИР КЕНДЕРИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:37, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 Казакстандагы Караганды обл-ндагы темир-марганец, барит-по лиметалл кендери жайгашкан аймак. 1956-жылдан ачык казылып алынат. Кенташта 60ка жакын майда кендер кездешет. Кен девон, карбон мезгилдеринин жанар тоо ж-а терриген-кар бонаттуу тоотектеринен турат. Жайылма синклиналынын бир канатында жайгашкан. Жалпы уз. 140 км, туурасы 10‒30 км. Чалгындалган кендин жалпы запасы 538 млн т. Курамында Аe2O3 39‒51,5%; кенташтагы Mn 15‒40%. Темир-марганец кендеринин ирилери Кара-Жал, Кытай, Жейрем, Үч-Катын III, Жомарт, Камыш, Керегеташ, Беш-Төбө, Кылыш ж-а Ак-Кудук. Кенташтардан алынган чийки зат Казакстан дын кара ж-а түстүү металлургия өнөр жайларында иштетилет.