Difference between revisions of "АРАЛ АПААТЫ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (13), ж-а → жана (7)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АРАЛ | '''АРАЛ АПААТЫ –''' антропогендик таасирден Арал деңизинин деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу Орто Азия менен Казакстандын зор аймагындагы адамдарга, табиятка, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнө залака келтирген экологиялык жана администрациялык-экономикалык кырдаал. 1961-ж. Арал деңизинин көп жылдык орточо деңгээли 53 ''м,'' аянты 66,1 миң ''км2,'' ал эми көлөмү 1064 ''км3'' болгон. Сыр-Дарыя, Аму-Дарыя жана Кара-Кум каналына чектеш жерлерде айдоо аянттарынын кеңейтилиши, ошондой эле Арнасай, Шардара, Сары-Камыш каналчаларынын пайда болушу бул аймакта терс процесстердин жаралышына өбөлгө түзүп, Арал деңизинин көлөмүн азайткан. Бул процесстер негизинен 1970-жылдарда башталып, аймактагы экологиялык тең салмактуулукту бузуп, деңиздин чеке белиндегижерлерди антропогендик

[[File:АРАЛ АПААТЫ_33.png | thumb|Арал деңизинин космостон дан көрүнүшү]] | [[File:АРАЛ АПААТЫ_33.png | thumb|Арал деңизинин космостон дан көрүнүшү]] | ||
мүнөздөгү чөлдөшүү процессине алып келген. Арал деңизине 1910– | |||
60-ж. 62 ''км3'' суу куйса, 1961–70-ж. ''км3;'' 1971– 80-ж. 16,7 о3; 990-ж. 3,5 ''км3'' суу куйган. Мындан 1961 –77-ж. Арал деңизине куйган суулардын көлөмү жылына 27,7 ''км3'' азайып, анын 22,6 ''км3'' сугатка жумшалган. Арал деңизинин аянтынын 1/3 бөлүгүнүн кыскарышынан, Каракалпак Респ-канын кышы өтө ызгаардуу, жайы өтө ысык жана кургакчыл боло баштаган. Темп-ранын жылдык орт. амплитудасы 1,5–мпа 2°Сге өзгөргөн. Кум дөбөлөрүндө туздуу кыртыштар түзүлө баштан, туздуу чаңдарды пайда кылган көлдүн суусу тартылып кеткен жерлерде чакан көлмөлөр, рельефтин эолдук формалары, шор жерлер ж. б. пайда болгон. Ал эми жер астындагы суулардын төмөндөп кетишинен, алардын минералдашуусу арткан. Аму-Дарыя | 60-ж. 62 ''км3'' суу куйса, 1961–70-ж. ''км3;'' 1971– 80-ж. 16,7 о3; 990-ж. 3,5 ''км3'' суу куйган. Мындан 1961 –77-ж. Арал деңизине куйган суулардын көлөмү жылына 27,7 ''км3'' азайып, анын 22,6 ''км3'' сугатка жумшалган. Арал деңизинин аянтынын 1/3 бөлүгүнүн кыскарышынан, Каракалпак Респ-канын кышы өтө ызгаардуу, жайы өтө ысык жана кургакчыл боло баштаган. Темп-ранын жылдык орт. амплитудасы 1,5–мпа 2°Сге өзгөргөн. Кум дөбөлөрүндө туздуу кыртыштар түзүлө баштан, туздуу чаңдарды пайда кылган көлдүн суусу тартылып кеткен жерлерде чакан көлмөлөр, рельефтин эолдук формалары, шор жерлер ж. б. пайда болгон. Ал эми жер астындагы суулардын төмөндөп кетишинен, алардын минералдашуусу арткан. Аму-Дарыя | ||
[[File:АРАЛ АПААТЫ_34.png | thumb|Арал деңизинин тартылуу деңгээли.]] | [[File:АРАЛ АПААТЫ_34.png | thumb|Арал деңизинин тартылуу деңгээли.]] |
09:09, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АРАЛ АПААТЫ – антропогендик таасирден Арал деңизинин деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу Орто Азия менен Казакстандын зор аймагындагы адамдарга, табиятка, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнө залака келтирген экологиялык жана администрациялык-экономикалык кырдаал. 1961-ж. Арал деңизинин көп жылдык орточо деңгээли 53 м, аянты 66,1 миң км2, ал эми көлөмү 1064 км3 болгон. Сыр-Дарыя, Аму-Дарыя жана Кара-Кум каналына чектеш жерлерде айдоо аянттарынын кеңейтилиши, ошондой эле Арнасай, Шардара, Сары-Камыш каналчаларынын пайда болушу бул аймакта терс процесстердин жаралышына өбөлгө түзүп, Арал деңизинин көлөмүн азайткан. Бул процесстер негизинен 1970-жылдарда башталып, аймактагы экологиялык тең салмактуулукту бузуп, деңиздин чеке белиндегижерлерди антропогендик
мүнөздөгү чөлдөшүү процессине алып келген. Арал деңизине 1910– 60-ж. 62 км3 суу куйса, 1961–70-ж. км3; 1971– 80-ж. 16,7 о3; 990-ж. 3,5 км3 суу куйган. Мындан 1961 –77-ж. Арал деңизине куйган суулардын көлөмү жылына 27,7 км3 азайып, анын 22,6 км3 сугатка жумшалган. Арал деңизинин аянтынын 1/3 бөлүгүнүн кыскарышынан, Каракалпак Респ-канын кышы өтө ызгаардуу, жайы өтө ысык жана кургакчыл боло баштаган. Темп-ранын жылдык орт. амплитудасы 1,5–мпа 2°Сге өзгөргөн. Кум дөбөлөрүндө туздуу кыртыштар түзүлө баштан, туздуу чаңдарды пайда кылган көлдүн суусу тартылып кеткен жерлерде чакан көлмөлөр, рельефтин эолдук формалары, шор жерлер ж. б. пайда болгон. Ал эми жер астындагы суулардын төмөндөп кетишинен, алардын минералдашуусу арткан. Аму-Дарыя
менен Сыр-Дарыянын алабы шор жерлерге айланып, айрым жерлеринде туз чөгүндүлөрүнүн калыңдыгы 1–2 мге жеткен. Айрыкча, кургап калган кысыктардын ордуна туздан куралган бархандар пайда болгон. Натыйжада гидрофилдик жана мезофилдик өсүмдүктөр ээлеген аянттар кыскарып, алардын ордуна тузга чыдамдуу өсүмдүктөр өсө баштаган.н.
жылдан Арал деңизинин аймагы туздун жана чандын чордонуна айланган. Орто эсеп менен жылына бул аймактан 15–75 млн т чаң атм-га көтөрүлөт. Негизги чаң куюндары Арал деңизинин түн.-чыгыш жээгинде пайда болуп, Арал аркылуу өтүп карама-каршы жээкке жетип, андан ары кургактыктын үстү менен жайылгандыгын космостук изилдөөлөр далилдеген. Куюндар өзүнүн жолунда көптөгөн чаң жана туз дөбөлөрүн пайда кылуусунун негизинде, 1950–90-ж. чанды жайылтуу 60 эсеге көбөйгөн. Аму-Дарыянын дельтасында орто эсеп менен бир чаңдуу куюндан кийин 1,5 млн тга. чейин туз чөгүндүлөрү пайда болуп, ар бир гадан 15 тдан 90 тга. чейин туз жыйналууда. Арал деңизинин батышында 25–30 км аралыкта жайгашкан Үстүрттө өсүмдүктөрдүн үстүн калыңдыгы 2–3 мм болгон туз катмары жаап калганы аныкталган. Куюн учурган чаң менен туз 2 миң км аралыкка чейин жетет. Туздуу чаң, тузга каныккан кыртыш суулары ар кандай эпидемиялык ооруларды пайда кылууда. Мурда Арал туз топтогуч болсо, азыркы учурда тескерисинче, тузду жайылтуучу болуп калды. Туздардын жайылышы, АмуДарыя менен Сыр-Дарыяда жер семирткичтер менен уу химикаттардын концентрациясынын көбөйүшү Арал деңизинин аймагын экол. курч абалга алып келди.и.
Б Бул кесепеттер калктын жашоо шартын төмөндөтүп, чарба иштерин жүргүзүүгө тоскоол болууда. Мис., Барса-Келбес а-ндагы айбанаттар коругу, Возрождение а-ндагы иш орундары жабылды. Миңдеген адам туулуп өскөн жерин таштап, бөлөк обл-тарга, башка өлкөлөргө көчүүгө мажбур болду. Деңиз жээгинен 400 км аралыкка чейинки өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрү азайды. 1987-ж. Арал деңизи б-ча комиссия түзүлүп, анын аймагында экол. тең салмактуулукту калыбына келтирүү үчүн бир топ чараларды көргөн. Суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулуп, тажрыйба жүзүндө дыйканчылыкта сууну үнөмдөөчү системаны колдонуу чараларын иштеп чыккан. 1988-2000-ж. сугат иштеринде дренаждык коллектордук системаны колдонуу иш чаралары көрүлгөн. Бирок, мурдагы СССР мамлекети жоюлгандан кийин Арал деңизинин экол. абалын калыбына келтирүү процесстери токтоп калган. 1993-ж. 26-мартта Кызыл-Ордо ш-нда Арал деңизинин маселелери б-ча 1-конференция өткөн. Ал конференцияда Арал деңизи менен Арал аймагындагы экол. коопсуздук, аймактын экол. жагдайы каралган. Жыйынтыгында О. Азия мамлекеттери менен Казакстан биригип, «Аралды сактоо» келишимин түзгөн. Келишимдин негизги багыты – экол. кырдаалды алдын-алуу, аймактын адм.-экон. шартына, ден-соолукту сактоого, турмуш-жагдайын ондоо болгон. Келишимди орундатуунун алгачкы шарты Аралды эл аралык деңгээлде коргоо, Арал деңизиал деңизинин маселелери ж-дөгү мамлекет аралык кеңеш түзүү болгон. Кеңешке О. Азия өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары, Россия Федерациясынын өкүлдөрү кирген. Кеңеш өз ишин эл аралык Арал комиссиясынын мүчөлөрү жана Дүйнөлүк банк менен бирге жүргүзөт. Азыркы учурда Арал маселесин чечүү үчүн бир топ чаралар көрүлүүдө, бирок, алардын натыйжасы чектелүү бойдон калууда.
Ад.: Давыдов М. И., Ваковская Э. М., ТушинскийГ. К., Физическая география СССР. Том 2: Азиатская
часть СССР: Современные проблемы физической географии. М., 1989-1990; Арал: история исчезающего моря. Д., 2003.
Ө. Бараталиев, Б. Үсөнканов.