Difference between revisions of "АЛИЕВ Осмонкул"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛИЕВ Осмонкул Эгембаевич''' (1903, Чүй | '''АЛИЕВ Осмонкул Эгембаевич''' (1903, Чүй облусу, Панфилов району, Чолок-Арык айылы ‒ 1938, Бишкек) ‒ мамлекеттик <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> саясий ишмер. Жергиликтүү орус-тузем мектебин (1916), Олуя-Атадагы (азыркы Тараз) реалдуу (табият илимдер) окуу жайын (1917), Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтун (1922), Москвадагы Свердлов атындагы Коммунисттик университетин (1930) бүтүргөн. Казак-кыргыз университетинде окуп жүрүп, ошол эле учурда комсомолдун Ташкент шааркомунда бөлүм башчы болуп иштеп турган. 1922‒24-жылдары комсомолдун Сыр-Дарыя облустук, Олуя-Ата шаардык, РКСМ Кыргыз обкомунда жооптуу кызматтарда, 1924-жылы Кыргыз обкомунун 1-секретары, РКП(б) Кыргыз обкомунун секретары болуп иштеген. | ||
[[File:АЛИЕВ69.png | thumb|none]] | [[File:АЛИЕВ69.png | thumb|none]] | ||
Ал ‒ «Эркин-Тоо» | Ал ‒ «Эркин-Тоо» гезитинин (1924‒26), «Коммунист» журналынын (1926) биринчи редактору. 1930‒31-жылдары Кыргызстандын эл агартуу комиссары, 1932‒33-жылдары ВКП(б) Ош округкомунун 1-секретары, 1934‒36-жылдары ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, партиянын Ош райкомунун 1-секретары болуп иштеген. 1937-жылы Кыргыз ССР эл агартуу комиссары болуп турганда күнөөсүз айыпталып, 1938-жылы атылган. 1991-жылы сөөгү ''Ата-Бейит'' көрүстөнүнө ариет-аза салты <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> коюлган.<br> |
17:06, 9 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АЛИЕВ Осмонкул Эгембаевич (1903, Чүй облусу, Панфилов району, Чолок-Арык айылы ‒ 1938, Бишкек) ‒ мамлекеттик жана саясий ишмер. Жергиликтүү орус-тузем мектебин (1916), Олуя-Атадагы (азыркы Тараз) реалдуу (табият илимдер) окуу жайын (1917), Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтун (1922), Москвадагы Свердлов атындагы Коммунисттик университетин (1930) бүтүргөн. Казак-кыргыз университетинде окуп жүрүп, ошол эле учурда комсомолдун Ташкент шааркомунда бөлүм башчы болуп иштеп турган. 1922‒24-жылдары комсомолдун Сыр-Дарыя облустук, Олуя-Ата шаардык, РКСМ Кыргыз обкомунда жооптуу кызматтарда, 1924-жылы Кыргыз обкомунун 1-секретары, РКП(б) Кыргыз обкомунун секретары болуп иштеген.
Ал ‒ «Эркин-Тоо» гезитинин (1924‒26), «Коммунист» журналынын (1926) биринчи редактору. 1930‒31-жылдары Кыргызстандын эл агартуу комиссары, 1932‒33-жылдары ВКП(б) Ош округкомунун 1-секретары, 1934‒36-жылдары ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, партиянын Ош райкомунун 1-секретары болуп иштеген. 1937-жылы Кыргыз ССР эл агартуу комиссары болуп турганда күнөөсүз айыпталып, 1938-жылы атылган. 1991-жылы сөөгү Ата-Бейит көрүстөнүнө ариет-аза салты менен коюлган.