Difference between revisions of "АЛЕКСАНДР I"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (3), ж-а → жана (3)) |

| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛЕКСАНДР I''' (12. 12. 1777, Санкт-Петербург ‒ 19. 11. 1825, Таганрог) ‒ Россиянын императору (1801‒25). Павел Iнин тун уулу. Бийликке келген алгачкы жылдары кеӊешчиси М. М. Сперанский жана Жашыруун комитет тарабынан иштелип чыккан либералдык реформаларды (министрликтер түзүлгөн, | '''АЛЕКСАНДР I''' (12. 12. 1777, Санкт-Петербург ‒ 19. 11. 1825, Таганрог) ‒ Россиянын императору (1801‒25). Павел Iнин тун уулу. Бийликке келген алгачкы жылдары кеӊешчиси М. М. Сперанский жана Жашыруун комитет тарабынан иштелип чыккан либералдык реформаларды (министрликтер түзүлгөн, Мамлекеттик совет уюштурулуп, Харьков, Казан университеттери ачылган) ишке ашырган. 1812-жылы орус-француз согушунун башталышында аракеттеги армияда болуп, кол башчы боло албагандыктан, коомчулуктун кысымы менен М. И. ''Кутузов ''башкы командачылыкка дайындалган. Бул согушта орустардын жеӊишке жетишкендигине байланыштуу, 1813‒14-жылдары Александр I Европадагы мамлекеттердин антифранцуздук коалициясына башчылык кылат. 1814‒15-жылдарда ''Вена конгрессин ''жетектеген жана ''Ыйык Союздун'' жетекчилеринин бири болгон. Александр Iнин тушунда Россиянын курамына Чыгыш Грузия, Финляндия, Бессарабия, Азербайжан аймактары кошулган. Ошол мезгилде Кыргызстандын Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусу россиялык бийлик менен элчилик байланыш түзүүгө аракет жасап, 1-ирет өзүлөрүнүн өкүлдөрү Шералы бийдин уулу ''Качыбекти, Жакыпбек ''Ниязбек уулун 1813‒14-жылдары, 2-ирет 1824‒25-жылдары ''Акымбек ''Олжобай уулун, ''Алымбек'' Жапалак уулун, ''Алгазы'' Шералы уулун Россияга жиберишкен. Аларды Кытай менен соодага ынтызар орус бийлик төбөлдөрү жылуу маанайда кабыл алган. Бирок, элчилердин Петербургга баруу жана императорго жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Александр Iнин бийлигинин соӊку жылдарында крепостнойлук укукту жоюу жөнүндө долбоор иштелип чыккан, бирок ал ''Александр IIнин'' тушунда 1861-жылы гана ишке ашкан. Александр I Таганрогдо күтүүсүздөн көз жумган, бирок эл арасында ал Сибирге жашырын барып, кечил болуп кеткен деген имиш сөздөр тараган.

09:31, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЛЕКСАНДР I (12. 12. 1777, Санкт-Петербург ‒ 19. 11. 1825, Таганрог) ‒ Россиянын императору (1801‒25). Павел Iнин тун уулу. Бийликке келген алгачкы жылдары кеӊешчиси М. М. Сперанский жана Жашыруун комитет тарабынан иштелип чыккан либералдык реформаларды (министрликтер түзүлгөн, Мамлекеттик совет уюштурулуп, Харьков, Казан университеттери ачылган) ишке ашырган. 1812-жылы орус-француз согушунун башталышында аракеттеги армияда болуп, кол башчы боло албагандыктан, коомчулуктун кысымы менен М. И. Кутузов башкы командачылыкка дайындалган. Бул согушта орустардын жеӊишке жетишкендигине байланыштуу, 1813‒14-жылдары Александр I Европадагы мамлекеттердин антифранцуздук коалициясына башчылык кылат. 1814‒15-жылдарда Вена конгрессин жетектеген жана Ыйык Союздун жетекчилеринин бири болгон. Александр Iнин тушунда Россиянын курамына Чыгыш Грузия, Финляндия, Бессарабия, Азербайжан аймактары кошулган. Ошол мезгилде Кыргызстандын Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусу россиялык бийлик менен элчилик байланыш түзүүгө аракет жасап, 1-ирет өзүлөрүнүн өкүлдөрү Шералы бийдин уулу Качыбекти, Жакыпбек Ниязбек уулун 1813‒14-жылдары, 2-ирет 1824‒25-жылдары Акымбек Олжобай уулун, Алымбек Жапалак уулун, Алгазы Шералы уулун Россияга жиберишкен. Аларды Кытай менен соодага ынтызар орус бийлик төбөлдөрү жылуу маанайда кабыл алган. Бирок, элчилердин Петербургга баруу жана императорго жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Александр Iнин бийлигинин соӊку жылдарында крепостнойлук укукту жоюу жөнүндө долбоор иштелип чыккан, бирок ал Александр IIнин тушунда 1861-жылы гана ишке ашкан. Александр I Таганрогдо күтүүсүздөн көз жумган, бирок эл арасында ал Сибирге жашырын барып, кечил болуп кеткен деген имиш сөздөр тараган.