Difference between revisions of "АЙВАЗОВСКИЙ, Иван Константинович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АЙВАЗОВСКИЙ,''' Г а й в а з о в с к и й  Иван (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817-жыл, Феодосия – 19. 4 (2. 5). 1900-жыл, ошол эле жерде] – орус сү­рөтчүсү, [[File:АЙВАЗОВСКИЙ45.png | thumb|none]]
'''АЙВАЗОВСКИЙ,''' А й в а з о в с к и й  Иван (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817-жыл, Феодосия – 19. 4 (2. 5). 1900-жыл, ошол эле жерде] – орус сү­рөтчүсү, [[File:АЙВАЗОВСКИЙ45.png | thumb|none]]
деңиз пейзажынын чебери. 1833–1937‑жылдары Петербург сүрөт академиясында окуган. 1844‑жылдан Башкы деңиз штабынын сүрөт­чүсү. 1845–1986-жылдары Феодосияда жашап, өзүнүн өнөр­канасында сабак берген жана сүрөт галереясын негиздеген (1880). 1845‑жылы академик, 1847‑жылы профессор, 1887‑жылы Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, европалык бир нече сүрөт академиясына мүчө болуп шайланган. Алгачкы иштеринде И. К. Айвазовский өзүнүн окутуучуларынын салтын улантып, «Петербур­гдун чет жакасындагы деңиз жээгинин көрү­нүшү» (1835) деген сүрөтүн тарткан. 1840‑жылы өз мезгилинин эң көрүнүктүү маринисти деген ев­ропалык атакка ээ болгон. Аны замандаштары К. П. Брюллов, В. Д. Жуковский, У. Тёрнер жо­гору баалашкан. Сүрөтчү 1836‑жылы А. С. Пушкин менен таанышып, ага бир катар картиналарын арнаган.

[[File:АЙВАЗОВСКИЙ1.png | thumb|И. К. Айвазовский. «Тогузунчу вал». 1850. Орус му­зейи. Ленинград.]]

16:05, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЙВАЗОВСКИЙ, А й в а з о в с к и й Иван (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817-жыл, Феодосия – 19. 4 (2. 5). 1900-жыл, ошол эле жерде] – орус сү­рөтчүсү,

АЙВАЗОВСКИЙ45.png

деңиз пейзажынын чебери. 1833–1937‑жылдары Петербург сүрөт академиясында окуган. 1844‑жылдан Башкы деңиз штабынын сүрөт­чүсү. 1845–1986-жылдары Феодосияда жашап, өзүнүн өнөр­канасында сабак берген жана сүрөт галереясын негиздеген (1880). 1845‑жылы академик, 1847‑жылы профессор, 1887‑жылы Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, европалык бир нече сүрөт академиясына мүчө болуп шайланган. Алгачкы иштеринде И. К. Айвазовский өзүнүн окутуучуларынын салтын улантып, «Петербур­гдун чет жакасындагы деңиз жээгинин көрү­нүшү» (1835) деген сүрөтүн тарткан. 1840‑жылы өз мезгилинин эң көрүнүктүү маринисти деген ев­ропалык атакка ээ болгон. Аны замандаштары К. П. Брюллов, В. Д. Жуковский, У. Тёрнер жо­гору баалашкан. Сүрөтчү 1836‑жылы А. С. Пушкин менен таанышып, ага бир катар картиналарын арнаган.

И. К. Айвазовский. «Тогузунчу вал». 1850. Орус му­зейи. Ленинград.

И. К. Айвазовскийдин бүткүл өмүрүндөгү искусствосунун негизги темасы дайым өзгөрүлмөлүү, каардуу деңиз болуп кала берген. Чыгармалары талкаланган кемелердеги деңиздин толкуну менен күрөшкөн адамдарды романтикалык эффектте чагылтып, таасирлүү эргүүнү пайда кылат. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», «Наваррин согушу» (1848), «Кара деңиз» (1881), «Толкундар арасында» (1898) деген шедеврлердин, ошондой эле 6 миңге жакын картина, сүрөт жана акварелдин автору.

Ад.: Пилипенко В. Н. Айвазовский И. К. М., 1980.