Difference between revisions of "АЙБАНАТТАР СТИЛИ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙБАНАТТАР СТИЛИ''' – байыркы темир доорунда көркөм өнөрдө кеңири тараган стилдин шарттуу аталышы. Сак‑массагет, скиф‑сармат көчмөн урууларынын сүрөт өнөрүнө өзгөчө мүнөздүү. Археологиялык илиминде айбанаттар стили деп биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктагы Евразия чөлкөмүндөгү көчмөн, жарым көчмөн калктардын көркөм өнөрүн атоо кабыл алынган. Монголияда, Алтайда, | '''АЙБАНАТТАР СТИЛИ''' – байыркы темир доорунда көркөм өнөрдө кеңири тараган стилдин шарттуу аталышы. Сак‑массагет, скиф‑сармат көчмөн урууларынын сүрөт өнөрүнө өзгөчө мүнөздүү. Археологиялык илиминде айбанаттар стили деп биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктагы Евразия чөлкөмүндөгү көчмөн, жарым көчмөн калктардын көркөм өнөрүн атоо кабыл алынган. Монголияда, Алтайда, Түштүк Сибирде, Орто Азияда жана Кара деңиздин түндүгүнө чейин кеңири тараган. Адамдар реалдуу жана мифологиялык айбанаттардын турпаттарын аска‑таш бетине, жыгачка, металлга түшүрүшкөн. Адамзаттын келип чыгышын ар кайсы жаныбарларга байланыштырышып (тотемизм), байыркы ата‑бабаларын тигил же бул урууда кандайдыр бир жаныбар же кушка түспөлдөштүрүшкөн (мис., карышкыр, жолборс, бугу, тоо теке, карга, бүркүт ж. б.). Адамдар ошолорго табынып күч‑кайрат, эрк, жардам алууга үмүттөнүшкөн. Кээде алардын турпаттарын жасап, [[File:АЙБАНАТТАР СТИЛИ43.png | thumb|Колодон жасалган букалар (б. з. ч. 5–3-к., Ысык‑Көл өрөөнү, Челпек айылы).]] | ||
тумарча сыяктуу мойнуна тагып же ыйык колдоочу катары алып жүрүшкөн. Жаныбарлардын сүрөттөрү, сөлөкөттөрү ритуалдык коло казандарга, курмандык чалынуучу мазарларга, жыттуу нерселер жагылып, жагымдуу жыт тарата турган идиштерге, чырактарга, ошондой эле ат жабдыктарына, кооздук буюмдарга, куралдарга, чопо идиштерге, аска беттерине түшүрүлгөн. Кыргызстанда айбанаттар стилине таандык үлгүлөр көбүнчө Кетмен‑Төбө өрөөнүнөн табылган.
К. | тумарча сыяктуу мойнуна тагып же ыйык колдоочу катары алып жүрүшкөн. Жаныбарлардын сүрөттөрү, сөлөкөттөрү ритуалдык коло казандарга, курмандык чалынуучу мазарларга, жыттуу нерселер жагылып, жагымдуу жыт тарата турган идиштерге, чырактарга, ошондой эле ат жабдыктарына, кооздук буюмдарга, куралдарга, чопо идиштерге, аска беттерине түшүрүлгөн. Кыргызстанда айбанаттар стилине таандык үлгүлөр көбүнчө Кетмен‑Төбө өрөөнүнөн табылган.
К. Табалдиев''.''

15:31, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЙБАНАТТАР СТИЛИ – байыркы темир доорунда көркөм өнөрдө кеңири тараган стилдин шарттуу аталышы. Сак‑массагет, скиф‑сармат көчмөн урууларынын сүрөт өнөрүнө өзгөчө мүнөздүү. Археологиялык илиминде айбанаттар стили деп биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктагы Евразия чөлкөмүндөгү көчмөн, жарым көчмөн калктардын көркөм өнөрүн атоо кабыл алынган. Монголияда, Алтайда, Түштүк Сибирде, Орто Азияда жана Кара деңиздин түндүгүнө чейин кеңири тараган. Адамдар реалдуу жана мифологиялык айбанаттардын турпаттарын аска‑таш бетине, жыгачка, металлга түшүрүшкөн. Адамзаттын келип чыгышын ар кайсы жаныбарларга байланыштырышып (тотемизм), байыркы ата‑бабаларын тигил же бул урууда кандайдыр бир жаныбар же кушка түспөлдөштүрүшкөн (мис., карышкыр, жолборс, бугу, тоо теке, карга, бүркүт ж. б.). Адамдар ошолорго табынып күч‑кайрат, эрк, жардам алууга үмүттөнүшкөн. Кээде алардын турпаттарын жасап,
тумарча сыяктуу мойнуна тагып же ыйык колдоочу катары алып жүрүшкөн. Жаныбарлардын сүрөттөрү, сөлөкөттөрү ритуалдык коло казандарга, курмандык чалынуучу мазарларга, жыттуу нерселер жагылып, жагымдуу жыт тарата турган идиштерге, чырактарга, ошондой эле ат жабдыктарына, кооздук буюмдарга, куралдарга, чопо идиштерге, аска беттерине түшүрүлгөн. Кыргызстанда айбанаттар стилине таандык үлгүлөр көбүнчө Кетмен‑Төбө өрөөнүнөн табылган.
К. Табалдиев.