Difference between revisions of "АНЖИЯН ШААРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Begay moved page АНЖИЯН – to АНЖИЯН ШААРЫ)
(Айырма жок)

09:13, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АНЖИЯН – Өзбекстан Респ-сындагы шаар, Анжиян облусунун адм. борбору. Фергана өрөөнүнүн чыгышында жайгашкан. Калкы 410 миң (2015). Темир жол түйүнү. Аэропорт бар. 9-к-дан Андукан деген ат менен белгилүү болуп, Саманид, Караханид, Монгол Тимурид, Бухара жана Кокон хандыктарынын курамына, 1876-ж. Россия империясынын курамына кирген. 1898-ж. Анжиян көтөрулушунун башкы борбору болгон. Өзбекстандагы маанилүү өнөр жай борбору. Машина куруу (электр-тех., ирригация жабдуулары), жеңил (кебез-кездеме, бут кийим, трикотаж, тигүү), тамак-аш-татымал өнөр жайы; гидролиз жана 2 пахта з-ду бар. Төрт ЖОЖ, тарыхый-край таануу музейи, медресе, Жами минарети (19-к-дын аягы), муз.-драма (1919), «Лола» куурчак жана Жаштар театры иштейт.ейт.