Difference between revisions of "АЖЫ БИЙ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЖЫ БИЙ''' Тилеке бий уулу (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) – 18‑кылымдын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759‑жылы июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон шаарын бийлеген Эрдене бий менен тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү жөнүндө айтылат. 1759‑жылы сентябрь айында Ажы бийдин конушуна Кытай императорунун элчиси Доктан келип,ага Кытай империясы менен саясий‑дипломатиялык жана соода‑сатык келишим түзүү жөнүндө чакырык‑сунушун, кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.
| '''АЖЫ БИЙ''' Тилеке бий уулу (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) – 18‑кылымдын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759‑жылы июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон шаарын бийлеген Эрдене бий менен тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү жөнүндө айтылат. 1759‑жылы сентябрь айында Ажы бийдин конушуна Кытай императорунун элчиси Доктан келип, ага Кытай империясы менен саясий‑дипломатиялык жана соода‑сатык келишим түзүү жөнүндө чакырык‑сунушун, кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.

[[File:АЖЫ БИЙ10.png | thumb|none]] | [[File:АЖЫ БИЙ10.png | thumb|none]] | ||
1760‑жылы Эрдене бий Алайда тонолгон Кокон көпөстөрүнүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн шаарларына чейин жортуул жасаган. Ажы бий жооп иретинде 1761‑жылы Коконго жортуул жасап, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздардын кол башчысы ''Маматкул'' бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, черик жана саяк уруусунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен. 1764‑жылы жазында Эрдене бийдин Оро‑Төбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, Ажы | 1760‑жылы Эрдене бий Алайда тонолгон Кокон көпөстөрүнүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн шаарларына чейин жортуул жасаган. Ажы бий жооп иретинде 1761‑жылы Коконго жортуул жасап, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздардын кол башчысы ''Маматкул'' бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, черик жана саяк уруусунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен. 1764‑жылы жазында Эрдене бийдин Оро‑Төбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, Ажы бий Коконго кайрадан жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган Ажы бий Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган. | ||
''Д. Сапаралиев,'' сүрөтчүсү ''Р. Исаков.''
| ''Д. Сапаралиев,'' сүрөтчүсү ''Р. Исаков.''

12:10, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЖЫ БИЙ Тилеке бий уулу (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) – 18‑кылымдын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759‑жылы июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон шаарын бийлеген Эрдене бий менен тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү жөнүндө айтылат. 1759‑жылы сентябрь айында Ажы бийдин конушуна Кытай императорунун элчиси Доктан келип, ага Кытай империясы менен саясий‑дипломатиялык жана соода‑сатык келишим түзүү жөнүндө чакырык‑сунушун, кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.
1760‑жылы Эрдене бий Алайда тонолгон Кокон көпөстөрүнүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн шаарларына чейин жортуул жасаган. Ажы бий жооп иретинде 1761‑жылы Коконго жортуул жасап, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздардын кол башчысы Маматкул бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, черик жана саяк уруусунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен. 1764‑жылы жазында Эрдене бийдин Оро‑Төбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, Ажы бий Коконго кайрадан жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган Ажы бий Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган.
Д. Сапаралиев, сүрөтчүсү Р. Исаков.