Difference between revisions of "АК-САРАЙ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АК-САРАЙ‒''' Амир Темир дооруна таандык арх-ралык эстелик. Өзбек Респ-сынын Шахрисабз ш-нда жайгашкан. Пайдубалы 1380-ж. түптөлгөн. Ал Амир Темирдин Хорезмдеги жеӊишинин урматына салынган. Эстеликте чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, о. эле «798-хижра жылы (16. 10. 1395‒5. 10. 1396)» деген жазуулар бар. А-дын курулушу Темирдин уулу Шахруктун тушунда аяктаган. Жазма даректерде 1707-ж. А-да Бухара ханы Убайдулла отурганы айтылат. 1403-ж. Шахрисабзда болгон испан элчиси Г. Клавихо А-дын өзгөчө көркөмдүүлүгүн жазат. А. мамлекеттин <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> ЮНЕСКОнун камкордугуна алынган. <br>
'''АК-САРАЙ‒''' Амир Темир дооруна таандык архитектуралык эстелик. Өзбек Республикасынын Шахрисабз шаарында жайгашкан. Пайдубалы 1380-жылы  түптөлгөн. Ал Амир Темирдин Хорезмдеги жеӊишинин урматына салынган. Эстеликте чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, ошондой эле «798-хижра жылы (16. 10. 1395‒5. 10. 1396)» деген жазуулар бар. Ак-Сарайдын курулушу Темирдин уулу Шахруктун тушунда аяктаган. Жазма даректерде 1707-жылы  Ак-Сарайда Бухара ханы Убайдулла отурганы айтылат. 1403-жылы  Шахрисабзда болгон испан элчиси Г. Клавихо Ак-Сарайдын өзгөчө көркөмдүүлүгүн жазат. Ал мамлекеттин <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> ЮНЕСКОнун камкордугуна алынган. <br>

15:07, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АК-САРАЙ‒ Амир Темир дооруна таандык архитектуралык эстелик. Өзбек Республикасынын Шахрисабз шаарында жайгашкан. Пайдубалы 1380-жылы түптөлгөн. Ал Амир Темирдин Хорезмдеги жеӊишинин урматына салынган. Эстеликте чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, ошондой эле «798-хижра жылы (16. 10. 1395‒5. 10. 1396)» деген жазуулар бар. Ак-Сарайдын курулушу Темирдин уулу Шахруктун тушунда аяктаган. Жазма даректерде 1707-жылы Ак-Сарайда Бухара ханы Убайдулла отурганы айтылат. 1403-жылы Шахрисабзда болгон испан элчиси Г. Клавихо Ак-Сарайдын өзгөчө көркөмдүүлүгүн жазат. Ал мамлекеттин жана ЮНЕСКОнун камкордугуна алынган.