Difference between revisions of "АК-БУЛАК - Түп районундагы кыштак"
Jump to navigation
Jump to search
м (Temirkan moved page АК-БУЛАК - Түп р=ну to АК-БУЛАК - Түп районундагы кыштак) |
|
(Айырма жок)
|
11:52, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АК-БУЛАК – Ысык‑Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Ысык‑Көл ойдуңунун түндүк-чыгышында, Күнгөй Ала‑Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1740 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол шаарынан 42 км, райондун борбору Түп кыштагынан 13 км түндүк-батышта, Балыкчы темир жол бекетинен 174 км. 1961‑ж. отурукташкан. Калкы 1057 (2009). Күрмөнтү цемент жана кыш заводдору иштейт. Ал жыл сайын республикада өндүрүлгөн клинкердин 8,5%ин (83 миң гг), цементтин 8,0%ин (97,1 миң п) иштеп чыгарат. Орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.