Difference between revisions of "АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (6))
(Айырма жок)

16:17, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН АВТОМАТТАШТЫРУУ – өндүрүштүк процессте прибор жана машинаны колдонуу. Бул процессте адам тек­шерүүчү ролду гана ойнойт. А. ч. жумуштарын автоматташтырууда эмгек өндүрүмдүүлүгү жого­рулайт. Анын негизин электрондук аппараттар, жөнгө салгычтар, текшерүүчү‑өлчөөчү приборлор түзөт. А. ч‑сын комплекстүү механикалашты­руу жана электрлештирүү ага толук шарттарды түзөт. Автоматташтыруу, айрыкча мал чарба­сында, канаттуулар чарбасында жана үрөн таза­лоо жумуштарында колдонулууда. Бул тармак­тарда автоматташтыруу үч багытта өнүккөн: электр машиналарын кеңири колдонуу менен бар­дык технол. процесстерди байланыштырып иштетүү; микроклиматтын тийиштүү көрсөткүч­төрүн (аба темп‑расын, нымдуулугун, газдын курамын, жарыкты) камсыз кылуучу механизм­дерди колдонуу; башкаруучу системаларды долбоорлоо. Үрөн пункттарында электр кый­мылдаткычтарын аралыктан башкаруу, маши­нага жүктөө, кампадагы үрөндүн темп‑расын жана нымдуулугун текшерүү, өлчөө ж. б. жумуш­тар автоматташтырылган. Сугат ишин автомат­таштыруу менен сууну үнөмдөөгө, иштеген адам­дардын санын кыскартууга, түшүмдүүлүктү жана эмгек өндүрүмдүүгүн жогорулатууга жетишүүгө болот. Диспетчердик башкарууда автоматташ­тыруу өтө маанилүү. Мында машина‑трактор­дук парктын иштеши, жүк ташуу жумуштары­нын аткарылышы 20‑30%ке жакшыртылат. А. ч. ө. а‑нун өзгөчөлүктөрү технол. процесстерге техникадан тышкары топурактын, малдын ж. б. катышуусу менен мүнөздөлөт, б. а. биол. процесс­терди эске алууга туура келет. Мындан тышка­ры а. ч. өндүрүшүнүн мезгилдик мүнөзү, ачык асман астында жайгашуусуна жана бууланууга көңүл бурулат. Ы.Ж. Осмонов.