Difference between revisions of "АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (Temirkan moved page АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА to АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ) |
|
(Айырма жок)
|
16:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУ – мамлекеттик менчик жерлерден түзүлгөн, айыл чарбасына жарактуу жер тилкелери. Фонддун жерлери мамлекеттин менчигинде гана болот. Фонддон пайдалануучуларга эреже катары, жер 5 жылдан ашпаган мөөнөткө гана берилет. Фонддун жерлерин башкаруу жана тескөө мамлекеттик атайын орган менен макулдашуу боюнча айылдык, шаар кеңештердин аткаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт. Фонддун жерлери сатылбайт, жер тилкелеринен КРдин жарандарынын менчигине берүү өзгөчө учурларда гана жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча Өкмөт бекиткен чечимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Б. Рысмендеев.