Difference between revisions of "АЙГЫР ЖАЛ өсүмдүгү"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

14:09, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЙГЫР ЖАЛ (Leucopoa) – дан өсүмдүктөр ту­кумундагы көп жылдык ири, нык түптүү өсүмдүк. Толук эки үйлүү эмес, биринде аталык­тары, экинчисинде энеликтери жана мөмөлүгү толук өрчүп жетилбеген. Сабагы 2 мге чейин. Жалбырактары узун, тасмадай. Кыргызстандын бийик тоо кыркаларынын шагыл‑таштуу жерлерин­де 2 түрү кездешет. Топ гүлү – татаал машак. Чөбү ката электе жылкыга жакшы тоют. Жалбырактары түшпөйт, кышында кой‑эчки, жылкы оттойт, бирок анын түбүндө ала курттун жумурткалары кышташы мүмкүн. Ошондук­тан андай кыштоолордо койлорду кармоого болбойт. Орто Азияда, Ыраакы Чыгышта өстүрүлөт. Кыргызстандын түштүгүндө эгилет.
Э. Б. Капарова.