Difference between revisions of "АЖЫКЕ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Temirkan moved page АЖЫКЕ Жайлоо to АЖЫКЕ over redirect)
(Айырма жок)

11:41, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЖЫКЕ – Түштүк Кыргызстандагы жайлоо, табигый кооз жер. Тар суусунун алабында. Чыгышынан Чакан‑Таш тоосу, түштүк-батышынан жана баты­шынан Ак‑Башат, Чалкан тоо кырлары менен чек­тешет. Кара‑Кулжа кыштагынан 40‑45 км түштүк-чы­гыш тарапта. Аянты 30 км2дей, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800–2300 м, эң бийик жери 2600 м (Чакан‑Таш тоосунда). Ажыкенин түштүк жана чыгыш капталы тик келип, түндүк-батышка жантайың­кы. Бор мезгилинде пайда болгон акиташ тек­теринен турат. Батыш жана түндүк-батыш капталы палеоген‑неоген мезгилдеринин конгломерат, кумдуу чопо жана гипс тектери менен капталган. Өрөөндөн Ажыке суусу агып өтөт. Климаты кон­тиненттик, жылдык орточо температурасы 3,2°С, ян­вардыкы –15,1°С, июлдуку – 15,4°С. Жылдык жаан‑чачыны 345 мм. Батыш жана түндүк капта­лында карагай, арча токою, чыгыш жана түштүк беттеринде майда бадал, сейрек арча өсөт. Ажыкеге талаа, токой, субальп жана альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Табиятына карагай, арча, четин, шилби, табылгы, дарак‑бадалдар; бете­ге, шыбак ж. б. өсүмдүктөр кооздук берип турат. Жайлоого Кара‑Кулжа районунун малы жа­йылат.