Difference between revisions of "АДЫЛ баатыр"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (3)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДЫЛ''' СУБАН уулу, Адыл баатыр (болжолу 1815/20–1860) – 19‑ | '''АДЫЛ''' СУБАН уулу, Адыл баатыр (болжолу 1815/20–1860) – 19‑кылымдын орто чениндеги түндүк кыргыз урууларынын саясий чөйрөсүндөгү таасирдүү инсан; баатыр. Атасы Субан Ныязбек уулу атактуу «Ныязбектин сегиз бегинин» бири болгон. Адыл ''Ормон ханда'' аскер башчысы катары кызмат кылып, баатыр атка конгон. 1847‑жылы Кенесары Касым уулунун баскынчылык менен келген колуна каршы согушта көрсөткөн эрдиктери менен белгилүү болгон. 1855–59‑жылы бугу менен сарыбагыш урууларынын чабышына катышкан. Орус бийлигине моюн сунбагандыктан 1860‑жылдын жазында Ысык‑Көлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу кошууну тарабынан Ысык‑Көлдүн күнгөйүндө туткундалып, Верный чебине камалган, ошол жерде өлгөн. Сөөгү Ат‑Башыдагы Кара‑Коюн деген жерге коюлуп, күмбөз тургузулган.
''Р. Жолдошов.''

16:43, 30 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы
АДЫЛ СУБАН уулу, Адыл баатыр (болжолу 1815/20–1860) – 19‑кылымдын орто чениндеги түндүк кыргыз урууларынын саясий чөйрөсүндөгү таасирдүү инсан; баатыр. Атасы Субан Ныязбек уулу атактуу «Ныязбектин сегиз бегинин» бири болгон. Адыл Ормон ханда аскер башчысы катары кызмат кылып, баатыр атка конгон. 1847‑жылы Кенесары Касым уулунун баскынчылык менен келген колуна каршы согушта көрсөткөн эрдиктери менен белгилүү болгон. 1855–59‑жылы бугу менен сарыбагыш урууларынын чабышына катышкан. Орус бийлигине моюн сунбагандыктан 1860‑жылдын жазында Ысык‑Көлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу кошууну тарабынан Ысык‑Көлдүн күнгөйүндө туткундалып, Верный чебине камалган, ошол жерде өлгөн. Сөөгү Ат‑Башыдагы Кара‑Коюн деген жерге коюлуп, күмбөз тургузулган.
Р. Жолдошов.