Difference between revisions of "АЖАРИЯ АВТОНОМИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ"
м (Begay moved page АЖАРИЯ to АЖАРИЯ АВТОНОМИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ) |
|
(Айырма жок)
|
17:28, 16 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы
АЖАРИЯ (Ачара) Ажар Автономия Республикасы (Ачарис Автономиури Республика), Грузин Респ‑нын курамында. Аянты 2,9 миң км2. Калкы 36,5 миң (2015). А‑да 5 район, 2 шаар, 7 шаарча бар. Борбору – Батуми ш.
Закавказьенин түш.-батышынан орун алган. Деңиз боюнда респ‑ны аралап, Колхида ойдуңунун ичке тилкеси созулуп жатат. Деңиз жээги менен тоо этектеринин климаты жылуу жана нымдуу субтропиктик, тоолуу аймактары нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орт. темп‑расы деңиз жээктеринде 4–6°С, тоолорунда 2°Сден –2°Сге чейин, июлдуку 22–23°С жана 16–20°С. Жылдык жаан‑чачыны 1000–2800 ммге чейин. Негизги дарыясы – Чорох. Ойдуңдуу аймактарында аллювий жана саз топурактары таралган. Аймагынын 50%тен ашыгын жазы жана ийне жалбырактуу токой ээлейт. Жээк тилкелеринде субтропик өсүмдүктөрү өсөт. Кинтриши коругу, Батуми ботан. багы уюшулган.
Негизинен ажар, грузин (325 миң, 1993), о. эле орус, армян ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Шаарлары: Батуми, Кобулети. Шаар калкы 48%ти түзөт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 103,2 жерге киши.
Б. з. ч. 6–4‑к‑да Колхида падышачылыгынын, кийин Иберия падышачылыгынын курамына кирген. Б. з. 4‑к‑нан Лазика мамлекетине карап, андан соң, 8‑к‑дан Абхаз падышачылыгынын бир бөлүгү болуп калган. 10‑к‑да бириккен Грузия мамлекетине кирген. 11‑к‑да селжук, 13-к‑да монгол‑татар жапырыгына учураган. 16-к‑дын ортосунда Батум (Батуми) обл‑нун борбору жана анын округдары Осмон империясынын курамына кирип, жерг. калк ислам динин тута баштаган. 1878‑ж. Россияга (Батум обл.) кошулуп, Кутаиси губерниясынын курамына киргизилген. 1918–21‑ж. Батумда бир нече жолу бийлик алмашылган. 1921‑ж. Карсск тынчтык келишими б‑ча Грузиянын курамындагы Батуминин автономия статусун сактап калууга Түркия менен Сов. Россия гарант болушкан. 1921‑ж. 16-июлда ГССРдин курамында Ажар АССРи түзүлгөн. 1922‑жылдын декабрынан Грузиянын бир бөлүгү катары СССРге кирген. 1990‑жылдын декабрынан азыркыдай аталат.
Негизги өнөр жай тармактары: нефть ажыратуу, машина куруу (электр-тех. буюмдар, тамак‑аш өнөр жайына жабдуу, кеме куруу), тамак‑аш (чай, тамеки, шарап, консерва ж. б.), жеңил, жыгаччылык. Ажарисцкали ГЭСи курулган. Маанилүү а. ч. өсүмдүктөрү – чай, цитрус, тамеки, тунг. Жүзүмчүлүк өнүккөн; жүгөрү, лавр, эвкалипт, бамбук да өстүрүлөт. Башкы деңиз порту – Батуми ш. Деңиз жээгинде Батуми, Кобулети, Цихисдзири, Жашыл Тумшук, Махинжаури курорттору жайгашкан.