Difference between revisions of "АЙТЫКЕЕВ Асанкожо Арунович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
23 -сап: 23 -сап:
·       1982 – «Жүрөгүңдүн согушу», режиссёру, 20 мүнөт
·       1982 – «Жүрөгүңдүн согушу», режиссёру, 20 мүнөт


<gallery mode="packed">
<gallery mode="packed" align='right'>
Файл:9af4788d-15b5-488c-8a59-ce8d9d569a32.jpg
Файл:9af4788d-15b5-488c-8a59-ce8d9d569a32.jpg
Файл:2b7e87aa-99e3-42f4-b3cf-335a3122195e.jpg
Файл:2b7e87aa-99e3-42f4-b3cf-335a3122195e.jpg

18:03, 3 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы

АЙТЫКЕЕВ Асанкожо Арунович (1. 1. 1950-жыл, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айылы) – театр жана кино режиссёру, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2022), Кыргызстандын Улуттук кино академиясынын академиги (2010), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2003), Кыргыз кинематографиясынын отличниги. Кыргыз Республикасынын кинематографисттер биримдигинин мүчөсү, Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн (1981), Кыргыз кино искусствосунда даректүү жана кыска метраждуу көркөм тасмаларды кесиптик жогорку чебердикте жараткан таланттуу режиссёр. 40 жылдык чыгармачылык жолунда 130дан ашык ар кандай жанрдагы даректүү, толук жана кыска метраждуу көркөм тасмаларды жаратты. Анын ичинен 60тан ашык кинотасманын сценарийин өзү жазган. Анын кино өнөрүндөгү чыгармачылык жолу 1971-жылы Советтик армияда кызмат өтөп келгенден кийин «Кыргызтелефильм» студиясынан башталган. Оператордун жардамчысы, режиссёрдун ассистенти, кинотоптун администратору сыяктуу бул өнөрдүн тепкичтерин басып өтөт. Ошол жылдары ал кыргыз киносунун чеберлери Мелис Убукеев, Дооронбек Садырбаев, Аман Альпиев, Эльдор Орозбаев, Геннадий Базаров, Мар Байжиев менен бирге иштешип, алардан сабак алуу менен кино тартуунун технологиясын өздөштүрүп, даректүү тасмаларды тартууга катышат. Айрыкча ага көбүрөөк таасир берген Кубат Жусубалиев болгон. Устат катары ал көптү үйрөткөнүн азыркыга чейин унута албаганын өзү эскерип калат. Өзгөчө «Атадан калган туяк» кинотасмасына катышып калышы, анын кинорежиссердук кесипке кызыгуусун арттырат. 1976-жылы Ленинграддагы мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна өтүп, 1981-жылы аяктаган. Дипломдук иши болгон «Бешик» тасмасынан баштап, каармандары мугалимдер, окумуштуулар, жазуучулар, искусство ишмерлери жана маңдай тери менен эл баккан жөнөкөй адамдардын тагдырын ачып берүү ыкмасы көрүүчүлөрдү өзүнө тартып турган жылуулугу менен айырмаланат. А. Айтикеев кыргыз элинин тарыхын чагылдырып, жаратылышынын кооздугун көркөм көрсөтө алды. Бир күлдүрүп, бир кайгырткан «Сокур кемпир көрөгөч, «Той», «Суу» көркөм тасмалары кинокомедия жанрларына жакындашып, өзүнүн айта турган ою, көтөргөн көйгөйү көрүүчүнү терең ойлонткон элдик тасмалар. Балдар темасына да кайрылып, «Чек ара» тасмасында өспүрүмдөрдүн балалык сүйүүсүн көркөм ачса, «Үмүт» тасмасында майып болуп калган өспүрүмдүн тагдырдын сыноосуна туруштук берип, интернет аркылуу жаңы досторун таап, кыйынчылыкты жеңе алганын көрсөткөн. Анын кино тасмалары бир топ ийгиликтердин ээси катары республикалык жана эл аралык сыйлыктарга ээ болуп келет.

Фильмографиясы

·       1979 – «Бешик», автору-режиссёру, 10 мүнөт

·       1979 – «Ох, ушул аялдар», автору-режиссёру, 10 мүнөт

·       1979 – «Жашагым келет», сорежиссёр, 30 мүнөт

·       1980 – «Концерттик номерлер», режиссёру, 20 мүнөт

·       1981 – «Коробейниктер», режиссёру, 20 мүнөт

·       1981 – «Кыргызстандын курорттору», режиссёру, 20 мүнөт

·       1981 – «Ленин заводу», режиссёру, 20 мүнөт

·       1981 – «Форель», режиссёру, 10 мүнөт

·       1982 – «Мугалим», режиссёру, 20 мүнөт

·       1982 – «Жүрөгүңдүн согушу», режиссёру, 20 мүнөт

·       1983 – «Ак булак», режиссёру, 20 мүнөт

·       1983 – «Илбирстин изи менен», режиссёру, 20 мүнөт

·       1984 – «Октябрдын теңтушу», режиссёру, 20 мүнөт

·       1984 – «Прикосновение к вечности», 2-режиссёр, 59 мүнөт

·       1984 – «Муса Жангазиев», режиссёру, 20 мүнөт

·       1985 – «Кылымдарды аттап өтүү», режиссёру, 30 мүнөт

·       1985 – «Өмүр бою тапшырма», режиссёру, 20 мүнөт

·       1985 – «Мугалим болуу», режиссёру, 20 мүнөт

·       1986 – «Взлёт Калии», режиссёру, 20 мүнөт

·       1986 – «Талаа курулуп жатат», режиссёру, 20 мүнөт

·       1986 – «Агым», режиссёру, 10 мүнөт

·       1987 – «Ысык-Көлдүн жылуулугу», режиссёру, 20 мүнөт

·       1987 – «Эртең кимге себилет?», режиссёру, 20 мүнөт

·       1988 – «Жердин ээси ким?», режиссёру, 30 мүнөт

·       1988 – «Булак», режиссёру, 20 мүнөт

·       1989 – «Жашоонун артериясы», режиссёру, 20 мүнөт

·       1989 – «Кыргызстандын минерал суулары», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       1989 – «Ыйык жерлер», режиссёру, 10 мүнөт

·       1990 – «Концерт алдында» (Асанхан Жумахматов), режиссёру, 30 мүнөт

·       1990 – «Кыргызстандын токойлору», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       1990 – «Бийик жээк», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       1991 – «Ак жол», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       1992 – «Бурана», автору-режиссёру, 10 мүнөт

·       1992 – «Алай канышасы», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       1993 – «Кичинекей манасчы», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       1994 – «Таазим» (Аалы Токомбаев), автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       1994 – «Театр менин өмүрүм», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       1995 – «Жазылбай калган ыр», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       1996 – «Ийгиликтүү ишкана», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       1997 – «Колунан түшпөй калеми», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       1997 – «Мелодиянын кайра жаралышы», автору-режиссёру, 10 мүнөт

·       1997 – «Закымдар ыры», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       1997 – «Ааламдын жаңырыгы», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       1997 – «Кадрда кинооператор», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       1998 – «Кыргыз жери», автору-режиссёру, 50 мүнөт

·       1998 – «Миң жылдар кийин да», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       1998 – «Кутман калаа Балыкчы», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       1999 – «Келечектин ээлери», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       1999 – «Телелекциялар» (КМУУ), автору-режиссёру, 6 саат

·       1999 – «Шабдан баатыр баяны», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       2000 – «Өнөрдөгү өмүр», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       2000 – «Биосфера аймагы» автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2000 – «Ак илбирстин тукумун кырбагыла», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       2001 – «Мугалим – билим булагы», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2001 – «Мусакемдин мурасы», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2001 – «Кыргызстан – топоздор өлкөсү» автору-режиссёру, 10 мүнөт

·       2001 – «Гүлдөгөн дельфиниум», автору-режиссёру, 15 мүнөт

·       2001 – «Турмуш булагы», автору-режиссёру, 15 мүнөт

·       2001 – «Сеп», автору-режиссёру, 15 мүнөт

·       2002 – «Жаратуу деми», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2002 – «Целитель», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2002 – «Бишкектен сүйлөйбүз», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       2002 – «Товардык белгилер», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2002 – «Автордук укук», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2002 – «Ойлоп табуулар жана жаңычылдык», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2003 – «Атуул», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2003 – «Жети өлүм күнөөсү. Жалкоолук», автору-режиссёру, 5 мүнөт

·       2003 – «Сокур кемпир көрөгөч», автору-режиссёру көркөм телетасмасы, 30 мүнөт

·       2003 – «Жаратуунун он жылдыгы», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       2004 – «Оттой жанган өмүр», автору-режиссёру, 15 мүнөт

·       2004 – «Мекенге арналган өмүр», автору-режиссёру, 15 мүнөт

·       2004 – «Дил сыры», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2005 – «Чебер», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2005 – «Ак толкундар шоокуму», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2005 – «Мен шайлайм» ролиги, автору-режиссёру, 30 секунда

·       2005 – «Чакырык», автору-режиссёру, 10 мүнөт

·       2005 – «Ысык-Көл», автору-режиссёру, 10 мүнөт

·       2005 – «Кырчын», автору-режиссёру, 10 мүнөт

·       2005 – «Окуя» көркөм тасмасы, режиссёру, 56 мүнөт

·       2006 – «Сагындым сени, Теңир Тоо», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2006 – «Той», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       2007 – «Ишкер», автор-режиссёр, 20 мүнөт

·       2007 – «Илимге салым кошкон өмүр», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2007 – «Кинооператор», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2008 – «Асылзат энелер баяны», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2008 – «Элдик телекөрсөтүүгө 50жыл», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       2008 – «Илимге чыйыр салган», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2008 – «Эскерүү», Б. Айткулиев жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2009 – «Курултайдан Жогорку Кеңешке чейин», автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       2009 – «Улуу инсан», автору-режиссёру, 15 мүнөт

·       2009 – «Эскерүү», Д. Садырбаев жөнүндө, автору-режиссёу, 20 мүнөт

·       2010 – «Эскерүү», Т. Раззаков жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2010 – «Келечектин адистери», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2010 – «Эскерүү», С. Асанбеков жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2010 – «Эскерүү», Ж. Ниязалиев жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2011 – «Эскерүү», Ж. Садыков жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2011 – «Эскерүү», М. Эшимканов жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2011 – «Чек ара» көркөм тасмасы, автору-режиссёру, 25 мүнөт

·       2011 – «Эскерүү», Т. Дайырбеков жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2012 – «Устат Манас Мусаев», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2012 – «Аксы окуясы», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2012 – «Эскерүү», С. Коңурбаев жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2012 – «КТРКга 55 жыл», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2013 – «Үмүт» көркөм тасмасы, автору-режиссёру, 50 мүнөт

·       2013 – «Эскерүү», Ш. Турдакунова жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2013 – «Тагдырлар талабы», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2013 – «Эскерүү», С. Төлөкова жөнүндө, автору-режиссёру, 25 мүнөт

·       2013 – «Байыркы күүлөр ыргагы», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2014 – «Эскерүү», Б. Алиев жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2014 – «Аалыке», А. Токомбаев жөнүндө, автору-режиссёру, 30 мүнөт

·       2015 – «Эскерүү», Б. Керимбаев жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2015 – «Бообек Ибраев», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2015 – «Эскерүү», Ж. Кадыралиев жөнүндө, автору-режиссёру, 25 мүнөт

·       2015 – «Суу» көркөм тасмасы, 30 мүнөт

·       2016 – «Эскерүү», М. Токтобаев жөнүндө, автору-режиссёру, 25 мүнөт

·       2016 – «Бийиктикке карай жол», автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2016 – «Эскерүү», М. Ботбаев жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2016 – «Эскерүү», Н. Кытаев жөнүндө, автору-режиссёру, 20 мүнөт

·       2016 – «Китеп билим булагы», автору-режиссёру, 20 мүнөт


Байгелери

«Илбирстин изи менен» кыска метраждуу тасмасы үчүн Кыргызстан кинематографисттер союзунун Ардак грамотасы, Бишкек шаары (1985), «Талаа курулуп жатат» тасмасы үчүн Казакстан кинематографисттеринин алгачкы «Бастау” кинофестивалынын диплому, Алма-Ата шаары, Казакстан (1987), «Жердин ээси ким?» тасмасы үчүн Бүткүл Союздук 2-телефестивалдын «Эң мыкты фильми» сыйлыгы, Бишкек шаары (1988), «Бийик жээк» тасмасы үчүн «Ачык Россия» кинофестивалынын, Свердлов шаары, Россия (1991), «Дүйнө элдеринин жылы» эл аралык кино фестивалынын, Москва шаары, Россия (1993), «Cinema du reel» 23-эл аралык фестивалынын, Париж шаары, Франция (2001) 1-даражадагы дипломдору, «Колунан түшпөй калеми» тасмасы үчүн 1-улуттук телефестивалдын «Күмүш үзөңгү» сыйлыгы, Бишкек шаары (1998), «Ак илбирстин тукумун кырбагыла» тасмасы үчүн Биринчи Орто Азиялык «Экологиялык журналистика» фестивалынын 2-орун үчүн диплому, Алма-Ата шаары, Казакстан (2001), «Экологиялык Кыргызстан» фестивалынын» 1-орун үчүн диплому, Бишкек шаары (2001), «Сеп» тасмасы үчүн IV Евразиялык телефорум сыйлыгы, Москва шаары, Россия (2002), «Түптүн айымдары» Бейөкмөт уюмунун диплому менен сыйлыгы (2001), «Сокур кемпир көрөгөч» тасмасы үчүн Азия мамлекеттеринин эл аралык телефестивалынын «Хрусталь глобус» баш байгеси, КТРК «Хабар» телеберүүсүнүн «Алтын апорт» сыйлыгы, Алматы шаары, Казакстан (2004), «Мен шайлайм» телеролиги ПРООНдун 1-орун үчүн диплому жана акчалай сыйлыгы, «Той» көркөм тасмасы КМШ өлкөлөрүнүн IV эл аралык кинофестивалынын диплому, Нижний Новгород шаары, Россия, Шанхай кызматташтыгы өлкөлөрүнүн Ысык-Көл эл аралык кинофестивалынын «Эң мыкты комедиялык тасма үчүн» диплому, Бишкек шаары (2006), «Суу», көркөм тасмасы Кыргызстан кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү эл аралык фестивалында жюринин өзгөчө сыйлыгы, Бишкек шаары (2015).

Сыйлыктары

1993 – Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

2003 – «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы

2009 – Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси

2009 – Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин төрагасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл» юбилейлик медалы

2010 – «Кыргыз киносунун отличниги» төш белгиси

2010 – Кыргызстан улуттук киноакадемиясынын академиги

2017 – Кыргызстан кинематографисттер уюмунун башкармалыгынын «Кыргыз керемети» медалы

2022 – Кыргыз Республикасынын эл артисти