Difference between revisions of "АБЫКЕЕВ Чолпонбек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with " '''АБЫКЕЕВ''' Чолпонбек (16. 8. 1956-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Көк-Дөбө (азыркы Ормон-Х...")
 
(Айырма жок)

09:36, 3 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы

АБЫКЕЕВ Чолпонбек (16. 8. 1956-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Көк-Дөбө (азыркы Ормон-Хан) айылы) – Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (2021), айтылуу «Бриллиант жылан» чыгармасынын автору. 1975-жылдан бери мамлекеттик кызматтарда жана басма сөздө иштеп келе жатат. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган (1983), 1990-жылы кыргыз тилиндеги «Аалам» гезитин түптөгөн жана 2005-жылга чейин башкы редактору болгон. Кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2008-жылы Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин директору, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору, 2020-жылы Конституциянын азыркы редакциясын иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын Конституциялык кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. 2021-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Мамлекеттик катчы болуп дайындалган. Азыркы тапта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси.
«Качкын», «Кара илбирс», «Кызыл көйнөкчөн келин» повесттерин жазган.