Difference between revisions of "АБДИЕВ Муса"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''АБДИЕВ''' Муса (23. 2. 1934-жылы туулган, Ош облусу, Сузак району, Карл Маркс атындагы колхоз) – Кыргы...")
 
(Айырма жок)

09:28, 3 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы

АБДИЕВ Муса (23. 2. 1934-жылы туулган, Ош облусу, Сузак району, Карл Маркс атындагы колхоз) – Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (2011), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1992), Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын жогорку категориядагы сүрөтчү-коюучусу, дизайнер жана коюучу-декоратор, Кыргызстан кинематографисттер союзунун ветераны. Сүрөтчүнүн тагдыры жана чыгармачылыгы кыргыз көркөм киносунун жаралгандан бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы менен абдан тыгыз байланышкан. 1951 – 1954-жылдары Жалал-Абад мектеп-интернатын аяктагандан кийин Фрунзе сүрөт техникумунда билим алып, андан соң аскерге чакырылган. Окууну 1959-жылы аяктап, Фрунзедеги киностудияга сүрөтчү-коюучунун ассистенти болуп кабыл алынган. 1962-жылдан тарта «Кыргызфильмде» костюмдар боюнча сүрөтчү болуп иштеген. Л. Шепитьконун «Зной» (1963), А. Бергункердин «Жура» (1934), А. Михалков-Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» (1965), М. Ковалевдун «Ар кимдин өз жолу» (1967), Г. Базаровдун «Саманчынын жолу» (1967), «Буктурма» (1969), «Көчө» (1972), «Көздүн кареги» (1976), «Каныбек» (1978), Б. Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1971), Ю. Борецкийдин «Шаркыратма» (1973), Т. Океевдин «Кызыл алма» (1975), К. Акматалиевдин «Күнөстүү арал» (1976), сыяктуу бир катар көркөм тасмаларын жаратууга катышкан. Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» тасмасындагы картинанын эскиздери үчүн Батыш Берлин эл аралык кинофестивалынын «Күмүш аюу», Бүткүл союздук эл чарба жетишкендиктери көргөзмөсүнүн (ВДНХ) медалын алган, «Чыңгызхан» (АКШ-Италия), «Жамбыл» (Казакстан) тасмаларынын сүрөтчү-коюучусу. 2012-жылы өлкөнүн алдыңкы кинематографисттери тарабынан негизделген улуттук киноакадемиясынын «Ак илбирс» сыйлыгы берилген (2021).