Difference between revisions of "АБУ ДУЛАФИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБУ ДУЛАФ''' Мисьяр ибн аль-Мухальхиль – аль-Хазражи Янбуий – 10-к-дагы араб саякатчысы, географ жана акын. Ал Арабиянын түштүгүндө төрөлгөн. Алдынкы Азияны кыдырып, О. Азияга келген жана самани Эмир Насыр IIнин (914–943) тушунда Бухарадагы хан сарайында кызмат өтөгөн. А. Д. 942-ж. Бухарага келген Кытай өкүлүгүн коштоп, О. Азия, Чыгыш Түркстан, Тибет, Кытай, Индияны басып өтүп, Седжестан аркылуу «Ислам өлкөсүнө» кайтып келген. А. Д-тын «Рисала ал аввал» («Алгачкы кыскача кат»), «Рисала ал ухра» («Экинчи кыскача кат») геогр.-этногр. мазмундагы саякат баянын жазган. Караханиддер кагандыгынын алгачкы мезгилдеги тарыхын, мамлекеттин чыгыш бөлүгүндөгү аймактардын тарыхый-геогр. абалын жана ал жактагы уруулардын саясий-этникалык турмушун изилдөөдө анын эмгектери эң баалуу булактардан. Караханиддердин курамына кирген чигил, гуз, карлук жана кыргыздар ж-дө кызыктуу маалыматтар учурайт. А. Д. 942-ж. бир катар уруулардын ээликтерин кыдырып чыккан. Чигилдердин конуштарын кырк күн бою саякаттап, алардын али мусулман боло электигин, өз алдынча мамлекети жок жана аларды коңшу уруулар талап-тоноп, баш ийдиргенге аракет кыларын жазган. Кыргыздар тууралуу баяндап, алар тарууну, күрүчтү тамак-аш катары колдонорун жана төө этинен башка мал этинин баарын жей тургандыгын жазган. Алардын сыйынуучу үйү жана өз жазмасы бар, токтоолугу жана сактыгы менен айырмаланышат, шам өзү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Сыйынганда колдонуучу өзгөчө ыраат менен сүйлөнүүчү тили бар. Асабасы жашыл түстө... падышасы элдин камын көрөт, калкы да аны урматташат. Падышалык такка жашы кырктан ашкан адам гана отура алат - деп, баяндаган. Акыркы маалыматтар 10-к-дагы Чыгыш Теңир-Тоонун жана Чыгыш Түркстан аймактарын жердеген кыргыздарга карата айтылган. А. Д-тын саякаты тууралуу үзүндүлөр Йакуттун «География сөздүгүндө» (10-к.) жана Казвининин космографиясында эскерилген. Автордук кол жазманын толук жыйнагы 1923-ж. Мешхед ш-нан табылган.
Ад.: ''Бартольд В. В.'' Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1996; ''Караев О.'' Арабские и персидские источники IX-XII вв. О киргизах и Киргизии. Ф., 1968; ''Караев О.'' История Караханидского каганата (X нач. XIII вв.) . Ф., 1983.
'''АБУ ДУЛАФ''' Мисьяр ибн аль-Мухальхиль – аль-Хазражи Янбуий – 10-кылымдагы араб саякатчысы, географ жана акын. Ал Арабиянын түштүгүндө төрөлгөн. Алдынкы Азияны кыдырып, Орто Азияга келген жана самани Эмир Насыр IIнин (914–943) тушунда Бухарадагы хан сарайында кызмат өтөгөн. Абу Дулафи 942-жылы  Бухарага келген Кытай өкүлүн коштоп, Орто  Азия, Чыгыш Түркстан, Тибет, Кытай, Индияны басып өтүп, Седжестан аркылуу «Ислам өлкөсүнө» кайтып келген. Абу  Дулафтын «Рисала ал аввал» («Алгачкы кыскача кат»), «Рисала ал ухра» («Экинчи кыскача кат») географиялык-этнографиялык  мазмундагы саякат баянын жазган. Караханиддер кагандыгынын алгачкы мезгилдеги тарыхын, мамлекеттин чыгыш бөлүгүндөгү аймактардын тарыхый-географиялык  абалын жана ал жактагы уруулардын саясий-этникалык турмушун изилдөөдө анын эмгектери эң баалуу булактардан. Караханиддердин курамына кирген чигил, гуз, карлук жана кыргыздар жөнүндө кызыктуу маалыматтар учурайт. Абу Дулаф  942-жылы  бир катар уруулардын ээликтерин кыдырып чыккан. Чигилдердин конуштарын кырк күн бою саякаттап, алардын али мусулман боло электигин, өз алдынча мамлекети жок жана аларды коңшу уруулар талап-тоноп, баш ийдиргенге аракет кыларын жазган. Кыргыздар тууралуу баяндап, алар тарууну, күрүчтү тамак-аш катары колдонорун жана төө этинен башка мал этинин баарын жей тургандыгын жазган. Алардын сыйынуучу үйү жана өз жазмасы бар, токтоолугу жана сактыгы менен айырмаланышат, шам өзү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Сыйынганда колдонуучу өзгөчө ыраат менен сүйлөнүүчү тили бар. Асабасы жашыл түстөпадышасы элдин камын көрөт, калкы да аны урматташат. Падышалык такка жашы кырктан ашкан адам гана отура алат - деп, баяндаган. Акыркы маалыматтар 10-кылымдагы Чыгыш Теңир-Тоонун жана Чыгыш Түркстан аймактарын жердеген кыргыздарга карата айтылган. Абу  Дулафтын саякаты тууралуу үзүндүлөр Йакуттун «География сөздүгүндө» (10-кылым) жана Казвининин космографиясында эскерилген. Автордук кол жазманын толук жыйнагы 1923-жылы  Мешхед шаарынан табылган.
Ад.: ''Бартольд В. В.'' Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1996; ''Караев О.'' Арабские и персидские источники IX-XII вв. О киргизах и Киргизии. Ф., 1968; ''Караев О.'' История Караханидского каганата (X нач. XIII вв.) . Ф., 1983.

''Т. Асанов.''

''Т. Асанов.''

16:54, 27 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АБУ ДУЛАФ Мисьяр ибн аль-Мухальхиль – аль-Хазражи Янбуий – 10-кылымдагы араб саякатчысы, географ жана акын. Ал Арабиянын түштүгүндө төрөлгөн. Алдынкы Азияны кыдырып, Орто Азияга келген жана самани Эмир Насыр IIнин (914–943) тушунда Бухарадагы хан сарайында кызмат өтөгөн. Абу Дулафи 942-жылы Бухарага келген Кытай өкүлүн коштоп, Орто Азия, Чыгыш Түркстан, Тибет, Кытай, Индияны басып өтүп, Седжестан аркылуу «Ислам өлкөсүнө» кайтып келген. Абу Дулафтын «Рисала ал аввал» («Алгачкы кыскача кат»), «Рисала ал ухра» («Экинчи кыскача кат») географиялык-этнографиялык мазмундагы саякат баянын жазган. Караханиддер кагандыгынын алгачкы мезгилдеги тарыхын, мамлекеттин чыгыш бөлүгүндөгү аймактардын тарыхый-географиялык абалын жана ал жактагы уруулардын саясий-этникалык турмушун изилдөөдө анын эмгектери эң баалуу булактардан. Караханиддердин курамына кирген чигил, гуз, карлук жана кыргыздар жөнүндө кызыктуу маалыматтар учурайт. Абу Дулаф 942-жылы бир катар уруулардын ээликтерин кыдырып чыккан. Чигилдердин конуштарын кырк күн бою саякаттап, алардын али мусулман боло электигин, өз алдынча мамлекети жок жана аларды коңшу уруулар талап-тоноп, баш ийдиргенге аракет кыларын жазган. Кыргыздар тууралуу баяндап, алар тарууну, күрүчтү тамак-аш катары колдонорун жана төө этинен башка мал этинин баарын жей тургандыгын жазган. Алардын сыйынуучу үйү жана өз жазмасы бар, токтоолугу жана сактыгы менен айырмаланышат, шам өзү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Сыйынганда колдонуучу өзгөчө ыраат менен сүйлөнүүчү тили бар. Асабасы жашыл түстө, падышасы элдин камын көрөт, калкы да аны урматташат. Падышалык такка жашы кырктан ашкан адам гана отура алат - деп, баяндаган. Акыркы маалыматтар 10-кылымдагы Чыгыш Теңир-Тоонун жана Чыгыш Түркстан аймактарын жердеген кыргыздарга карата айтылган. Абу Дулафтын саякаты тууралуу үзүндүлөр Йакуттун «География сөздүгүндө» (10-кылым) жана Казвининин космографиясында эскерилген. Автордук кол жазманын толук жыйнагы 1923-жылы Мешхед шаарынан табылган.
Ад.: Бартольд В. В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1996; Караев О. Арабские и персидские источники IX-XII вв. О киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Караев О. История Караханидского каганата (X нач. XIII вв.) . Ф., 1983.

Т. Асанов.