Difference between revisions of "АБИДЖАНОВ Сабиджан"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

11:15, 26 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АБИДЖАНОВ Сабиджан (1947-ж. туулган, Ош облусу, Ноокат району, Ноокат айылы) - экономист, экономика илимдеринин доктору (1995), профессор (1999). Ташкенттеги айыл чарба институтун, Москвадагы бүткүл союздук айыл чарба экономика илим-из. институтунун аспирантурасын (1974), докторантурасын (1995) бүтүргөн. Фергана политехникалык институтунун доценти (1992), Ош Кыргыз-Өзбек университетинин кафедра башчысы, профессор (1999), ОшМУнун кафедра башчысы, профессор (2000), ОшТУнун кафедра башчысы, профессор (2003), экономика изилдөө борборунун директору. Экономика тармактары боюнча 50дөн ашуун илимий эмгектин автору.

Эмг.: Аграрные проблемы Центральной Азии. Фер гана, 1995; Рыночные условия труда в аграрной пере ходной экономике. Ош, 2001; Проблемы экономиче ской системы государства. Ош, 2003.