Difference between revisions of "«АЛА-ТОО» -- жүзүм сорту"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

17:19, 10 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

«АЛА-ТОО»‒ жүзүм сорту. 1962-жылы Кыргызстан дыйканчылык илим-изилдөө институтунун илимпоздору жүзүмдүн «катта-курган» жана «карабурну» сортторун чаӊдаштыруу жолу менен чыгарган. Түшүмдүү, гектарынан 300 цге чейин мөмө берет. Мөмөсүнүн канттуулугу 18,5%, кычкылдуулугу 3,8. Шиӊгилинин салм. 350‒600 грамм. Мөмөсү даамдуу, жумшак, түсү саргыч, сулпу нык келип, жегиликтүү.