Difference between revisions of "АВТОТОМИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 revision imported) |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
11:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
(авто… ж-а гр. tome ‒ кесүү) ‒ кээ бир жаныбарлардын өтө чочуп корккондо дене бөлүгүнүн кесилип үзүлүшү. «А» терминин бельгиялык физиолог Л. Фредерик киргизген (1883). А. омурткасыз жаныбарларда көп учурайт. Мис., актиния тинтүүрү, рак кыпчууру, омурткалуу жаныбарлардан кескелдириктин куйругу кесилип үзүлөт. Бул рефлекстик процесс болгондуктан, ар бир жаныбарда А. органдын белгилүү бир жеринде болот. Мис., кескелдириктин А-сын жүлүндө жайгашкан нерв борбору башкарат да, кемирчек пластинкасы жайгашкан омуртканын булчуӊу кескин кыскарганда куйругунун учу үзүлөт. Дененин кесилген жеринен кайра «жаӊысы» өсүп чыгат.