Difference between revisions of "АЛМУРУТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:32, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 (Руrus) ‒ өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмөлүү дарак. А-тун 60ка

жакын түрү бар. Кырг-нда (негизинен Арстанбапта) 18 түрү кезигет. А. жапайы ж-а өстүрүлмө болуп бөлүнөт. Жапайысы Түш. Европа, Кавказ, О. Азия, Ы. Чыгыш, Кытайда; бизде Ош обл-нда, Талас,

АЛМУРУТ92.png

Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрү ж.б. жерлерде өсөт. Жапайы түрүнө караганда анын өстүрүлмө түрүнүн мөмөсү чоӊ, жумшак, ширелүү. Бийикт. 4‒20 мге жетет. Гүлү ак же мала кызыл. Мөмөсү сүйрү же тоголок, ширелүү, жашыл, кызгылт, сары түстө, салм. 800 гга чейин жетет. Жалбырагы сүйрү, тамыры түз, жерге тереӊ кирет. Мөмөсүндө суу, кант, к-та, боёк заттар, клетчатка, азот ж-а А, Б, С витаминдери бар. Андан кыям, компот, повидло ж. б. жасалат. А. жылуу, ачык жерде жакшы өсүп, кургакчылыкка, суукка байымсыз. Көчөтүнөн өстүрүлөт. Кырг-нда А-тун токой мөлмөлү, клапп сонуну, Вильямс ж. б. сорту өстүрүлөт. Зыянкечтери: А. кенеси, А. канталасы, А. мөмө жегичи; илдеттери: А. котуру, чаӊгыл кебер, цитоспороз .
Ад.: Гареев Э. З. Основы плодоводства Киргизстана. Ф., 1971; Колесников В. В. Яблоня и груша. 2 изд. доп. и перераб., М., 1985.