Difference between revisions of "АЛЛЮР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(фр. alure, сөзмө-сөз ‒ жүрүү), ж ы л- к ы ж ү р ү ш ү ‒ жылкы жүрүшүнүн түрлөрү. А. табигый (жылкынын атайын үйрөтүлбөй басышы ‒ басык, желүү, таскак, жорголоо, секирүү) ж-а машыктырылган жылкынын жасалма А. болуп бөлүнөт. Ал жылкы туягы жерге тийген

де чыккан кайталанма добуштун темпи б-ча, о. эле туяктын түрдүү аралыктагы изине жараша айырмаланат. Ар бир А-да буттарынын кыймылы ар башка ж-а ар кандай темпте болот. Эӊ жай, табигый А. ‒ басык, мында жылкы бутун ырааты м-н диагональ б-ча (арышы 0,8‒2 м, ылдамдыгы 3,5‒7 км/с) таптап басат (4 темптеги А.). Тез, 2 темптүү А. ‒ ж е л ү ү деп аталат, анда жылкы бир эле убакта алдынкы оӊ ж-а арткы сол бутун алмак-салмак таштап (арышы 2‒2,5 м, ылдамдыгы 8‒10 км/с), таканчыктабай желет. Ж о р г о л о о 2 темптеги А., мында жылкы бир ыптасындагы эки бутун алдыга теӊ таштайт, желүүгө караганда арыш кичине болот. Т а с к а к ‒ 3 темптүү А., мында диагональ б-ча алгач алдынкы бир бутуна, андан кийин арткы бир бутуна, анан алдынкы экинчи бутуна таянып чуркайт (арышы 5‒8 м, ылдамдыгы 10‒60 км/с). С е к и р ү ү А-унда жылкы эки арткы буттары м-н түртүлүп, секирет, секирип түшкөндө адегенде алдыӊкы буттарына, анан арткы эки бутуна таянып түшөт. Жылкынын бийиктикке секирүү рекорду 2,5, ал эми узундукка секирүүсү 8,3 мге чейин жетет. Жасалма А-га испан арышы ж-а испан желдирүүсү кирет. Мында жылкы алдынкы буту м-н бийик секирип, ар кандай көнүгүүлөрдү жасайт (пассаж, пиаффе, пируэт, каприоль ж. б.). Мындай А. ат спортунда ж-а цирк жанрында колдонулат. Д. Акматова.